Казакстан-Өзбекстан: Каржылык кызматташтык

Казакстан менен Өзбекстан каржылык тармак боюнча өз ара кызматташтыкты күчөтүштү. Эми жергиликтүү каржы институттарына коңшу өлкө рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк бар. Буга Казакстандын улуттук банкы менен  Өзбекстан борбордук банкынын ортосунда түзүлгөн келишим мыйзамдуу негиз салып олтурат. Мындан ары эки мамлекеттин биринчи даражадагы банктары ичтеги каржы тармагындагы жаңычылыктар менен өзгөрүүлөр тууралуу маалымат алмашып турушат. Серепчилердин пикиринде, ушул келишим талаптарына ылайык экинчи мүмкүнчүлүк алат. Азыркы тапта коңшу мамлекетте кызматын өрчүтүүгө казакстандык банктардын бири даяр. Улуттук банк төрагасынын айтымы боюнча, башка өлкөдө өз бөлүмдөрүн ачууга кызыгуу жаратып жаткан башка да жергиликтүү каржы институттары бар. Ал өзбек рыногунун суроо-талабына байланыштуу, дешет казакстандык башкы финансисттер.

ДАНИЯР АКЫШЕВ, КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Эгерде башка банктар Өзбекстанда өз бөлүмдөрүн ачкысы келсе, бул келишим ушул максаттарын ишке ашырууга мыйзамдуу түрдө мүмкүнчүлүк берет. Албетте, расмий документте көрсөтүлгөн эрежелер толугу менен эске алынган жагдайда.

ТИМУР ИШМЕТОВ, ӨЗБЕКСТАН УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Бул документ банктык байкоо тармагындагы өз ара иш-аракетти иреттөөгө шайкеш болуу үчүн тиешелүү адистер менен бир нече ай бою каралып чыкты. Ал Казакстандын Улуттук банкынын көзөмөлдөө тажрыйбасы жана монетардык саясат боюнча эки багытты камтыды. Улуттук банктын  кризиске каршы кызматы жетилген. Бул тажрыйба түрдүү жагдайларда мыкты натыйжага кол жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет.