«Protecting Business and Investments» кеңсесинин кызматы

Бизнести коргоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу – Казакстандын негизги артыкчылыгы. Ушундай максатта республикада «Protecting Business and Investments» долбоор кеңсеси ачылган. Аз убакыттын ичинде эле ага 17 ишкер кайрылды. Кеңседен белгилешкендей, кээ бир көйгөйлөр чечилди, айрымдары кароодо. Кайрылуулардын көпчүлүгү административдик тоскоолдуктарды жоюуга жана инвесторлорду убактылуу каттоого байланыштуу. Ошондой эле товарларды жеткирүү маселеси да көзөмөлдө. Ишкерлерге жүктөрдү ташууга уруксат документтерин берүү мөөнөтүн олуттуу кыскартуу көздөлүүдө.

ГҮЛМИРА КАБИЕВА, PROTECTING BUSINESS AND INVESTMENTS КЕҢСЕСИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Административдик тоскоолдуктарды жоюу жана жөнөкойлөтүү үчүн бул кызматтарды бириктирүү сунушталууда. Анткени аны бир мамлекеттик орган көрсөтөт. Ушундай жагдайда бул ишти ишке ашыруу мезгилин кыскартабыз. Азыркы тапта инвесторлорду жер тилкелерин бөлүү маселеси кооптондурат. Аны да караштырып жатабыз.

УРБАН РЫБАК, ИНВЕСТОР:

- Азыркы тапта тиешелүү органдардын жардамын алып жатабыз. Буга чейин кээ бир мыйзамдарга тиешелүү кыйынчылыктар жаралчу. Эми бул жумуш оң жолго салынды. Кандай маселе жаралбасын, тиешелүү түзүмдөр чечүүгө болушунча колдоо көрсөтөт. Бул албетте өтө ыңгайлуу.

Бул долбоордук кеңсе Инвестициялар жана өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган. Кызматын эми баштаган кеңсенин алгачкы айы бизнес коомчулук арасындагы түшүндүрүү иштерине арналат. Бардык аймактарда фронт-кеңселер ачылган.