Чымкенттеги жаңы завод тунгуч ирет пластик эшик-терезелердин кошумча бөлүктөрүн чыгара баштады

Казакстандык ишканалар экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. Чымкенттеги индустриялык аймакта жайгашкан жаңы завод тунгуч ирет пластик эшик-терезелердин кошумча бөлүктөрүн чыгара баштады. Жаңы заводдун өндүрүшүнө казакстандыктар эле эмес, чет өлкөлөр, ал эле эмес, Тажикстан менен Кыргызстан өлкөлөрүнүн ишкерлери да кызыгуу жаратып жатышат. Борбор азиялык  бизнесмендер чымкенттик өндүрүштөрдү ири өлчөмдө сатып алууга кызыктар.

ИБРАГИМ ХАСАНОВ, ИШКЕР, ТАЖИКСТАН:

- Бүл өндүрүштөрдүн жакшы жагы биздеги аптаптык ысыкка туруктуу жана суукка да чыдамдуу. Сапаты да өтө жакшы.

Адистердин айтымында, бул жердеги казакстандык чийки затты күкүм металл калыбында сатып алып, аны өздөрү куюп, даяр өндүрүш сунушташат. Буга чейин эшик-терезеге керектүү бөлүктөр Түркиядан алып келинчү. Ишкана жылына 6 млн даана кошумча бөлүк чыгарууга кудуреттүү. Эң алдыңкы үлгүдөгү технология менен жабдыкталган жаңы завод сапаттуу өндүрүш даярдоого мүмкүнчүлүк берет. Баасы да жеткиликтүү.

АБОС ИСРАИЛОВ, ИШКЕР, КЫРГЫЗСТАН:

- Рынокто ал атаандаштыкка жөндөмдүү. Азыркы тапта биз түрк өндүрүштөрүн казакстандык товарларга алмаштыра баштадык.

НУРКАСЫМ АКЫЛБЕК УУЛУ, ЗАВОД МҮДҮРҮ:

- Цинк, алюминий, жез алабыз. Андан замак деген материал жасап чыгарабыз. Ошол замактан куюп жасайбыз. Мындай өндүрүштү толук кандуу чыгара турган заводдор Казакстанда азыр жок.

Казакстандык өндүрүшкө болгон жогорку суроо-талап анын кубаттуулугун эки эсе арттырууга мүмкүнчүлүк берет. Күзүндө экинчи цехти ишке кошуу көздөлүүдө. Даяр өндүрүштү казакстандык рынокко эле чыгарбастан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанга  да экспорттоо пландалууда.