Алматы облусунда ири цемент заводунун курулушу башталды

Казакстандын инвестициялык тартымдуулугу өсүүдө. Чет өлкөлүк ишкерлер келечектүү долбоорлорго каражат салууга даяр. Алматы облусунда  сингапурдук капиталдын катышуусу менен  ири цемент заводунун курулушу башталды. Инвесторлордун айтымында, ишкананы салуу жайы терең ойлонуштурулган. Кербулак району облустун ортосунда жайгашкан. Бул жерде республикалык маанилүү авто жол менен ири темир жол тармагы өтөт.

БОЛЫСБАЙ МОМБАЕВ, КЕРБУЛАК РАЙОН  АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Мунун бизге пайдасы, биринчиден, өзүбүздө цемент чыгат. Ал эми бюджетке бизге 2 миллиардга чейин салыктык киреше түшөт деген планыбыз бар.

Завод курулушуна Кербулак районунан 40 гектар жер бөлүнгөн. Долбоорго 50 миллиард теңге көлөмүндө инвестиция тартылды. Сингапурдук ишкерлердин катышуу үлүшү 40 пайызга тең.

БОЛЫСБАЙ МОМБАЕВ, КЕРБУЛАК РАЙОН  АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыр адистерибизди окутуу иштери жүрүп жатат. Өз адистерибиз жетишпей жатса, башка райондордон чакыртабыз. Вахталык график менен жумуш уюштуруу көздөлгөн. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жыл сайын 1 миллион 200 миң тонна жогорку сапаттуу цемент өндүрө турган завод 2019-жылы пайдаланууга берилет. Бул көлөм Алматы облусунун цементке болгон суроо-талабына ашыгы менен жетет. Калганы Казакстандын башка аймактарына жөнөтүлөт.