Астана Hub – мыкты идеялардын чордону. Интерактивдүү айнек, мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге арналган робот араба жана түтүк тазалай турган алмашылгыс түзмөк. Буларды казакстандык жаштар ойлоп тапкан. Жаңы борбор таланттардын башын бириктирип, багыт, жол көрсөтүп, колдоо көрсөтө турган атайын жай. Бул жерде жергиликтүү стартапчылар менен бирге чет өлкөлүктөр да келип, бири-бири менен тажрыйба алмашышат.

ДАУРЕН АБАЕВ, КР МААЛЫМАТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРИ:

- Astana Hub дүйнөдөгү жаңы технологиялар менен таланттуу адистер жыйнала турган ири борборго айланат деген ишеничтемин. Долбоорду ишке кошуу аркылуу биз Мамлекет башчысынын  Казакстанды санариптик-иновациялык чечимдер борборуна айландыруу тууралуу идеясын ишке ашырабыз. Бул адамзат капиталына туруктуу инвестиция салуу аркылуу гана ишке ашары белгилүү. Хабдын ишин жандандырууну мындан ары да уланта беребиз.

Технопарк инвесторлор, корпорациялар, мамлекеттик органдар менен иштешүүгө шарт түзөт. Бүгүнкү күндө Астана Hub эл аралык IT-стартап технопаркында 150 долбоор бар. Анын 40тан ашууну тааныштырылды.

БАУЫРЖАН БОЛАТ УУЛУ, ДОЛБООР АВТОРУ:

- Жөнөкөй айнектин бетине маалымат чыгарууга болот. Мисалы, музейлерде экспонаттарды, ыйык буюмдарды кол менен тийүүгө болбойт. Ошол себептүү анын бетине айнек коюлган. Бул айнекти биз мындан да жаңылап, ошол жердеги экспонат тууралуу маалымат берүүгө ыңгайлаштырдык. Бирөөнүн кылычын алып көрөлү. Бул кылычты адам өзү көрүп турат жана анын бетине бул кылыч кимге таандык жана кайсы жылы чыкканы тууралуу чагылдырса болот.

Стартаптарды колдоо программасы комплекстүү долбоор. Ага катышуучуларга иштей турган орун, серепчилердин кеңсеси, билим берүү курстары, инвестицияларды тартууга акысыз жагдай жасалат. Андан мыкты чыккандар акселерация программасына катыша алат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии