Казакстан-Кытай: кызматташтыктын жаңы белеси

Казакстан азык-түлүк өнөр жай өндүрүштөрү рынокторун ишенимдүү түрдө ээлеп алууда. Кытай өлкөсүнүн ишкерлерин казакстандык май өндүрүү заводунун товарлары кызыгуу жаратууда. Казакстандын май өндүрүүчүлөрү «Sunflower Oil & Meal Trade Conference» экинчи эл аралык конференциясында жетишкендиктерин тааныштыра алышты. Бул жерде тарапташтар кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Казакстандык тармак өкүлдөрүнүн айтымында, кытайлыктарга Казакстандан келе турган товардын экологиялык жактан таза, сапаттуу экендигин кеңири тааныштуруу керек. Кытай дүйнөдөгү эң ири май өндүрүштөрүн импорттоочу Индиядан кийинки  экинчи мамлекет катары белгилүү. Кытай жылына болжол менен 1 миллион тонна май сатып алат.

АСЕЛЬ ЕРГАЛИЕВА, САТУУ БОЮНЧА МЕНЕДЖЕР:

- Биз өзүбүз өндүрүүчү катары белгилүүбүз. Өзүбүздө зыгыр, күн карама аянттары бар. Ушундан үч жыл мурда атайын завод ачканбыз. Азыркы тапта зыгыр майын Кытайга ташый турган  ири экспорттоочу компания катары таанымалбыз.  Көбүнчө өндүрүштөрдү Синьцзян сатып алат. Ошондой эле, биз Шанхайда жайгашкан компаниялар менен  иштешебиз.

Аны менен бирге казакстандык экспортчулар үчүн келечектүү өнөктөштөр тизмеси толукталат.  Соода миссияларына Кытай өлкөсү да зор салым кошот. Белгилей кетсек, ушул жылдын күз мезгилинде ушундай серепчилердин бир нечеси уюштурулат.

НУРАЛЫ БӨКЕЙХАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН БАШКАРМАЛЫК ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- 2 соода миссиясын өткөрүү көздөлүп жатат. Алардын бири Сиань шаарында болсо, ал ушул жылдын аяк оона айында Кытай өлкөсүнө  пландалууда. Биз казакстандык компанияларды чыгарууга кызыктарбыз. Сиань шаарында кытайлык компания менен Сиэнел электроник Коммерц ЛТД келишимге кол койду, анын алкагында казакстандык ишкерлерге иштеп турган супермаркеттен 5 миң чарчы метр соода-сатык аянты менен колдонуудагы кампалардан 10 миң чарчы метр пайдаланууга бериле турган болду. Тогуздун айында соода-сатык миссиясын Гонконгдо өткөрүүнү пландап жатабыз.

Кытай даяр айыл чарба өндүрүштөрүнө да кызыгуу артууда. Белгилей кетсек, Кытайга казакстандык экспорттун көлөмү өскөн. Бүгүнкү күндө КЭР казакстандык ун, буудай, соя, күн карама майын, балык жана тоңдурулган кой этин жөнөтөт. Келечекте уй этин жөнөтүү көздөлүүдө. Кытай органикалык өндүрүштөрдүн ири талап кылуучулардан болуп эсептелинет. Жыл сайын Кытай өлкөсү 115 млрд долларга азык-түлүк сатып алат.