АЭКБ: Жаңы мүмкүнчүлүктөр

«Астана» эл аралык каржы борбору рыноктогу бардык катышуучуларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Каржы хабы жаңы аянтта бизнес жүргүзүүнүн эффективдүү жолдорун сунуштап жатканын айта кетүү зарыл. Бул жеңилдетилген визалык режим, салыктан бошотуу, аны менен бирге өзгөчө юрисдикция. Мындан башка, борбор аймактагы тартымдуу активдерге инвестициялоого мүмкүнчүлүк берет.

КАЙРАТ КЕЛИМБЕТОВ,  АЭКБ БАШКАРУУЧУСУ:

- Биржа ишке даяр. Азыр биз компанияларды менчиктештирүү качан башталаарын күтүүдөбүз. Биз башынан эле аяк оона-тогуздун айы – биринчи компания чыгып, биздин биржага жайгашкан индикативдүү мөөнөт деп пландап жатабыз. Жыйынтыгында алгачкы үч компания дагы биздин каржы борбордун эл аралык биржа платформасына жайгашуусун пландайт деп ниеттенүүдөбүз.

Американын бизнес өкүлдөрү казакстандык өнөктөштөрү менен өз ара эффективдүү кызматташтыкты кеңейтүү максатында АЭКБнын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөөдө. Ири америкалык компания мүдүрү, белгилүү адвокат, ишкер жана меценат Эдвард Мермельштейн каржы хабынын аркасында жаңы инвесторлордун Казакстанга эле эмес, бүт дүйнөгө болгон кызыгуусу артат деп эсептейт.

ЭДВАРД МЕРМЕЛЬШТЕЙН, ИШКЕР:

 - Борбордун өнөктөштөрү Шанхай биржа фонду менен Насдак экени белгилүү. Ошол себептүү Казакстанда өнүгүүнүн жаңы аянты пайда болот.

Америкалык компаниялар да түрдүү транзакцияларга катышып, АЭКБ бүт дүйнө үчүн эшигин кенен ачат деп үмүттөнөбүз.  Борбор ишинин укуктук жактары, ислам банкынын принциптери көптөгөн инвесторлорду тартууга себепкер болот.