«Астана» ЭКБ ЕАЭБ үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

"Астана" эл аралык каржы борбору ЕАЭБ алкагында жалпы каржы рыногун курат. Ал үчүн Казакстан Евразиялык экономикалык комиссия менен тыгыз карым-катнаш орнотууну көздөөдө. Серепчилер ЕАЭБ алкагындагы инвестициялар менен жаңы долбоорлорду маанилүү маселелер катарына кошуп, кызматташтыкты бекемдөөгө көңүл бурушту. Евразиялык бештик өлкөлөрү алдындагы башкы максат – 2025-жылга карай каржы рыногун жөнгө салуу алкагындагы мыйзамды  координациялоо. Ошондой эле серепчилердин айтымында, бул жараянды дүйнөдөгү каржы төңкөрүшү алкагында жасоо керек. Борбор Евразиялык экономикалык бирикме үчүн пилоттук аянт болот.

КАЙРАТ КЕЛИМБЕТОВ, «АСТАНА» ЭКБ БАШКАРУУЧУСУ:

- Биздин башкы максат – дүйнөлүк инвесторлор, жаңы каржылык технологиялар үчүн тартылуу борбору болуу. Аны менен катар, алар өздөрүнүн өндүрүштөрүн же инвестицияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө сунуштоого мүмкүнчүлүк жаралат. ЭКБ инвестициялык дүйнөлүк коом үчүн кепилдик терезеси болушу мүмкүн. Борбордун платформасы аркылуу посткеңештик мийкиндикке интеграциялануу керек. Биздин платформаны түзүү үчүн тиешелүү компанияларды куруу кажет.

Орусия илимий академиясынын экономика институтунун серепчилеринин пикиринде, эң алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбага негизделген эл аралык каржы борборун түзүү Борбордук Евразия өнүгүшүндөгү жаңы мезгилди ачат.

РУСЛАН ГРИНБЕРГ, ОИА ЭКОНОМИКА ИНСТИТУТУНУН ИЛИМИЙ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Казакстан дүйнөлүк жана эл аралык деңгээлдеги каржы борборун түзүү аркылуу туура жолдо келе жатат. Аны менен катар бирге ар бир кадамын бекем, шашпай, ойлонуп басып келүүдө. Бул жагдайда Орусия Казакстандан үлгү алуусу керек.

Орусиялык экономисттер «Астана» Эл аралык каржы борборун капитал рыногуна жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жараткан стратегиялык маанилүү курал катары караштырып жатышат.