Казакстандын борборунда «Astana Finance Days» эл аралык каржы конференциясы өтүүдө. Ааламдык каржы, эл аралык капитал рыноктору, ислам экономикасы, жашыл өсүү сыяктуу бардыгы 7 негизги тема дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спикерлердин талкуусуна сунушталды. Алардын катарында чет мамлекеттердин башчылары, Нобель жана Пулитцер сыйлыктарынын ээлери, эл аралык каржы институттарынын жетекчилери бар. Аны менен катар «Astana Finance Days» эл аралык каржы конференциясынын алкагында  санариптик демилгелер көргөзмөсү да уюштурулуп жатат. Бул жерде чет өлкөлүк жана казакстандык      компаниялар өздөрүнүн каржы тармагындагы техникалык чечимдерин сунушташууда. Криптовалютаны коопсуздандырууга мүмкүнчүлүк берген долбоорлор да тааныштырылды. Ошондой эле, виртуалдуу сейфтер менен банктар, интернетсиз иштей ала турган алардын ачкычтары жана блокчейн биржалары сунушталды.

ДӘУРЕН КАЙСАРОВ, «ASTANA FINANCE DAYS» УЮШТУРУУЧУСУ:

- Бул жерге келген адам робот гиноиддер менен сүйлөшүүдөн баштап, блокчейн технологиясынын келечеги сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги суроолорго жооп ала алышат. Блокчейнди ойлоп табуучулардын ишеними акталабы? Дүйнөнүн эң алдыңкы укук таануучулары да ушул жерде чогулуп жатышат. Бул дүйнөлүк каржы борбору менен теңдешүүгө мүмкүнчүлүк бере турган англис укугун Казакстанга, КМШга алып келген адистер.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии