Казакстан экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда. Оң динамиканы Жапония менен товар жүгүртүүнүн көлөмү көрсөтүп жатат. Өткөн жылы казакстандык өндүрүүчүлөр Жапонияга 8 миллион доллар өлчөмүндө товар жеткирген. Бул мунай өнөр жайы, тоо-кен рудасы менен металлургия тармактарынын өндүрүштөрү. Ошондой эле, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөр дан, ун жана жылкы эттерин жеткизүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөргө ээ. Өз кезегинде жогорку технологиялуу жапон жабдыктары Казакстанда суроо-талапка ээ. Серепчилердин пикиринде, товарларды үзгүлтүксүз жеткизүү үчүн логистикалык маселелерди чечүү шарт. Аны менен катар, мамлекеттик деңгээлдеги муниципалдык кызмат, атом энергетикасы жана шаар унаалар тармагындагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Жапония Казакстанга инвестиция салууну улантууну көздөйт. Бүгүнкү күндө Казакстанда жапондуктардын катышуусу менен 26 биргелешкен ишкана жана 77 компания бар. Акыркы 12 жылда түз жапон инвестициянын жалпы агымы 5 трлн доллардан ашты.

НУРАЛЫ БӨКЕЙХАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГА ОРУН БАСАРЫ:

- Логистикалык маршруттар эми гана тургузулууда. Жакынкы үч жылда бул мейкиндик ишке ашат деп ойлойм. Казакстандын Кытай менен порту, Кытайдын аймагы аркылуу өтүүчү ылдам жүргөн темир жолу бар. Ушул темир жол аркылуу биз экспорттой алабыз, «Бир кур-бир жол» кытай программасы алкагында унаа кубатынын мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен пайдалана алабыз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии