Астаналык агломерация – Казакстандын узак мезгилдүү өсүү чекити. Ал каржы борборунун, медицина жана жогорку билим берүү деңгээлин көтөрүүгө негиз болот. Бул үчүн 2020-жылга чейинки аймак аралык иш-чаралар планы даярдалды. Ал 82 иш-чараны үч негизги багыттар боюнча ишке ашырат. Ошондой эле ири унаа, экономикалык жана индустриялык долбоорлорго айланат. Буга бир мисал, Астанадагы Smart sity технологиясын ийгиликтүү киргизүүсү.

РУСЛАН ДАЛЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Азыркы тапта өлкө Башчысынын буйругу менен 2050-жылга чейин ири шаарларды, анын ичинде Астана калаасын өнүктүрүү боюнча узак мезгилдүү 10 иш-чара ишке ашырылып жатат. Жалпы пландалган 10 иш-чаранын тогузу ишке ашырылып, көзөмөлдөн алынды. Азыркы учурда калктуу конуш агломерациясын тыгыз пландоо гана калды.

Мындан башка, өкмөт Астана айланасындагы аймактын тышкы унаа системалар менен байланышы бар  айланма жолду калыптандырууну көздөп жатат. Астана агломерациясын өнүктүрүүдөгү олуттуу долбоорлордун бири «Астананын Түштүк-Батыш айланма жолу» аттуу курулуш болот. Аны ишке ашыруунун аркасында борбор айлансында жол шакекчесин жаба турган жол тилкеси курулат. Бул шаар аркылуу өтө турган автоунаалардын агымын айланып өтүү аркылуу багыттоого мүмкүнчүлүк берет.

ЖЕҢИС КАСЫМБЕК, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Астана шаарынын сырткы аймактык жолдорун бириктирүү максатында Астана шаарынын Түштүк-Батыш айланма автомобиль жолун салуу жумуштары жүрүп жатат. Авто жолдун узактыгы – 33 чакырым. Ал 4 тилкелүү биринчи унаа жолу болот. Шарт боюнча курулуш иштери 2017-жылы башталган. Долбоорду 2019-жылы аягына чыгаруу көздөлүүдө.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын корутундусу боюнча Астана агломерациясында 2 миллиондон ашуун адам өмүр сүрүп жатат. Ал Казакстан элинин 7% түзөт. Бул 124 калктуу конуш. Серепчилердин божомолуна таянсак, астаналык агломерациялар боюнча 2030-жылга чейин тургундардын үлүшү 33 пайызга өсүп, 1 млн 600 миң адамды түзөт. Эки жактуу планды эки жылда ишке ашыруу үчүн  республикалык бюджеттен 50 млрд теңге каражат бөлүү каралган. Анын үстүнө, 800 миллиондон ашуун теңге жергиликтүү бюджеттен түшөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии