Алдыдагы жылдары Казакстандын экономикалык өсүшү 5,5% жетет. Эл аралык валюта фондунун серепчилери ушундай болжолдошууда. Фонддун талдоосу боюнча ички жалпы өндүрүштү 5-5,5% жеткирүү үчүн Казакстанга 2-4 жыл керек. Ал үчүн бардык  структуралык реформалар менен демилгелерди ишке ашыруу кажет. Казакстан экономикасына «Астана» эл аралык каржы борборунун иши оң таасирин тийгизет. Хаб аркылуу алгачкы транзакциялар быйыл жайда өткөрүлөт. ЭВФ серепчилеринин пикиринде, каржы борборунда бардык мыйзам менен укук нормалары сакталган. Бул инвесторлордун ишенимин жогорулатууда.

МАРК ХОРТОН, ЭЛ АРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН КАЗАКСТАН БОЮНЧА МИССИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Казакстандын экономикасы алдыдагы эки-үч жылда мамлекеттик түрткү берүү мезгилинен өттү. Азыркы тапта экономикалык өсүү мүмкүнчүлүгү бар. Мамлекет менен Улуттук банк экономиканы инвестициялоодон алыстоодо. Жеке сектор башкы ролго ээ болот. Ошондуктан дагы бир-эки жыл керек болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии