АЭКБ: Каржы хабы

Астана ири каржы хабына айланууда. Теке айынын бешинде «Астана» эл аралык каржы борборунун расмий ачылышы болот. Белгилей кетсек, АЭКБ заманбап жогорку технологиялык инфраструктураны өнүктүрүүгө арналган, ал жакшы мыйзамдар менен камсыз болгон, бардык түз жана чет өлкөлүк инвестицияларды камсыздоо үчүн керектүү шарттарды сунуштайт. АЭКБ башчысы Кайрат Келимбетовдун айтымында, аталган борбор криптовалюталык соода үчүн инфраструктураны түзөт. Азыркы тапта мыйзамда трейдерлердин келишими боюнча окшош каржы операцияларын жүргүзүү караштырылып жатат. Жыл аягына чейин блокчейн системасын өнүктүрүүгө арналган инвестицияларды тартуу системасын сунуштайт. Акимчилик Астанадагы аянт казакстандык, ошондой эле эл аралык брокерлердик компаниялар менен соода операцияларын жүргүзүүгө даяр деп белгиледи.

МАДИЯР КЕНЖЕБОЛАТ, ЭКОНОМИСТ:

- Биржадан тыш соода аянтында сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда алыш-бериш белгилүү бир сырткы тоскоолдуктардын айынан ийгиликтүү аткарылбай калышы мүмкүн. Ал эми каржы борборунун ажырагыс бөлүгүнө айланган Биржадагы коммерциялык келишимдин аягына чейин ишке ашырыларына кепилдик берилет.

Ишенимдүүлүктү АЭКБнын алдындагы каржы соту кепилдик берет. Анын ишмердүүлүгү англис укугу жана принцибине негизделген. Мындан сырткары, борбор «Самрук Казына» фондунун активдерин сатыкка койгон негизги аянт болот.

ҚАЙРАТ КЕЛИМБЕТОВ, "АСТАНА" ЭЛ АРАЛЫК КАРЖЫ БОРБОРУНУН БАШКАРУУЧУСУ:

- Биз баарынан мурда көрүп жаткан натыйжа – биржанын ишке кошулуусу, ал эки өтө маанилүү маселеге байланыштуу. Бул «Самрук Казына» фондунун улуттук компанияларын менчиктештирүү жана ички карызды өнүктүрүү программасы. Башкача айтканда, суверенддүү  бонддорду, каржы министрлигинин улуттук валютадагы облигацияларды, ошондой эле алгачкы ислам облигацияларын чыгаруу программасы.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө 8 казакстандык жана кытайлык брокердик компаниялар аккредитация жол жобосунан өтүп жатышат.