Газ ташуулардын көлөмү 11 эсеге өстү

Казакстан суюлтулган газды тышкы өлкөлөргө ташуу көлөмүн жогорулатууда. Мисалы, бир гана Украинага аталган өндүрүш экспорту 11 эсеге чейин өстү. Ушул жылдын 5 айындагы  көрсөткүч боюнча, бул өлкөгө 88 миң тоннанын тегерегинде мотор отуну жөнөтүлгон. Казакстандык өндүрүш өлкөдөгү авто-газ жетишсиздигин жеңип, баа саятсатын туруктуу кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

СТАНИСЛАВ БАТРАЧЕНКО, ЕВРОПАЛЫК ГАЗ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Өткөн жылы да Казакстандык газ өндүрүштөрүнүн жардамы менен өлкөдөгү автогаз жетишсиздигин жеңген элек. Быйыл да ташууга тоскоол болбой, казак ресурсунун көлөмү жогорулай түшөт деп ишенебиз. Казак автогазынын сапаты европалык талаптарга ылайык, ошондуктан талап кылуучулардын суроо-талабына ээ.

Украина серепчилеринин айтымында, 2018-жылы да казак газынын Украинага импорт көлөмү рекорддук деңгээлге жетет. 

ИВАН КУДИНОВ, УКРАИНА ЭКСПЕРТИЗАЛЫК КОМПАНИЯСЫНЫН АДИСИ:

- 2018-жылдын 5 айындагы көрсөткүч менен өткөн жылдын ушул мезгилин салыштырганда газ жеткирүү 11 эсе өстү. Түз келишим аркылуу ташуу көлөмү күн санап өсүп жатат. Биздин компаниянын эсеби боюнча, 2018-жылы Украинага ташыла турган Казакстандык газ жылына 200 тоннадан ашуун көрсөткүчкө жетет.

Мунай өндүрүш рыногунун серепчилери, бүгүнкү күндө казак газы Украина рыногунун 17 пайызын түзөрүн белгилешет. Жыл аягына чейин пайыздык үлүш 20 пайызга чейин жетет.