"Астана" эл аралык каржы борбору ислам системасын жандандырууга жол ачат. Серепчилердин пикиринде азыр араб өлкөлөрүнүн көптөгөн компаниялары казакстандык долбоорлорго кызыгуу билдирип жатат. Башка борборлор менен атаандаштыкка туруктуу болуу үчүн борбордо адис маселесине өзгөчө маани берилген. Ушул максатта былтыр Кесипкөй өнүгүү бюросу ишке кошулду. Эми адистер ислам банкингдеги тобокел-менеджменти жаатында билим алууга мүмкүнчүлүк алышты.

ЕРНУР РЫСМАГАМБЕТОВ, АЭКБнун БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ, АКИМЧИЛИК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Бул тармактын ийгиликтүү иштөөсү үчүн үзгүлтүксүз эко-система керек. Ошол үчүн да биз ислам каржылоо, депозит, камсыздандыруу боюнча тийиштүү адистерди даярдоого көңүл буруп жатабыз.

Ушул жылдын алгачкы үч айында Казакстанда иштеген эки ири ислам банкынын жыйынтык капиталы 42 миллиард теңгеге жеткен. Бул өлкөдө мындан башка ислам шарты боюнча каржылаган дагы бир нече лизингдик компания иштейт. Алардын үлүштөрү көп эмес. Ошентсе да, серепчилердин пикиринде, Казакстанда ислам банктарынын өсүшүнө бардык жагдай бар.

ЕЛТАЙ МУХАМЕДЖАНОВ, ИСЛАМ БАНК БАШКАРМАЛЫЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ислам негиздерине ылайык төлөмдөр менен тобокелди тең бөлөбүз. Эң башкы шарт - ислам негиздерине жат нерселерди каржылабоо. Азыр суроо-талапка ээ болгон банк өнүмдөрү тууралуу айтсак, алар товардык  мурабаха менен ижара. Бул лизингдин аналогу.

Ислам банктарынын Казакстандагы негизги кардарлары корпоративдүү сектордун өкүлдөрү. Бирок, былтыркы жылдан баштап жеке адамдарга да кызмат көрсөтө баштады.

ШАЙМЕРДЕН ЧЕКАНОВ, ЖАКТООЧУ, ИСЛАМ КАРЖЫЛОО БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

- Азыр ислам каржылоо негиздеринде депозит ачууга болот. Ошондой эле, ушул эрежелер боюнча алдыдагы мезгилде ипотека бериле баштайт.

Белгилей кетсек, Казакстан ислам каржылоо куралдары 10 жыл бою иштеп келе жаткан КМШдагы жалгыз өлкө.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии