Казакстанда мунай өндүрүү көлөмү жогорулайт. 2025-жылга карай бул көрсөткүчтү 104 млн тоннага чейин жеткирип, сырттан алып келинген күйүүчү майды көрүнүктүү азайтуу көздөлүүдө. Быйыл мунай өндүрүшүндөгү өсүш 6,4 пайызды түзсө, экспорт көлөмү 6 пайызга жеткен. Бүгүнкү күндө Казакстанда күйүүчү май өнүмдөрү ашыгы менен өндүрүлөт. Азыркы тапта мунай-газ долбоорлорун  өнүктүрүүгө көп каражат салынууда. Мисалы, Карашыганак долбоорунун инвестиция наркы 1,5 млрд долларды түзүп жатат. Жалпылап алганда, мунай-газ тармагы түз инвестиция тартуудагы башка тилкелердин бири. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери бажылык биримдиктин техникалык регламенти күчүнө кирген жана теке айынан баштап күйүүчү майдын сапаты Евро 4 менен 5 экологиялык класска ылайык келүүсү керек. Ал эми сырттан алып келе турган күйүүчү май көлөмү акырындык менен азая берет.

КАНАТ БОЗЫМБАЕВ, КР ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРИ:

- Төртүнчү мунай иштетүү заводун салуу планы бар. Павлодар менен Атырау мунай өндүрүү заводдорунун жаңылангандан кийин жогорку ата мекендик күйүүчү майды өндүрүү көлөмү артты. Азыр резервде АИ-92 маркалуу майдын 358 тоннасы бар. Аяк оонада Чымкентте мунай иштеткен заводду жаңылоо иштери толугу менен аякталышы шарт. Ошондо бензиндин көлөмү өсө түшөт.

Министрликтин маалыматы боюнча, фонддогу ашык турган күйүүчү майды экспорттоо жагдайы да караштырылууда. Оң чечим тапса Борбор Азияга жана Каспий аркылуу башка өлкөлөргө жөнөтүү пландалууда.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии