«Астана» ЭКБнын пландары Цюрихта тааныштырылды

Европанын эң абройлуу каржы борборлорунун бири Швейцария «Астана» эл аралык каржы борбору менен өнөктөштүк орнотууга кызыгуу жаратууда. Борбордун негизги багыттары жана ал жердеги ыңгайлуу ишкердик сунуштары Цюрихте алдыңкы швейцариялык компаниялардын өкүлдөрүнө тааныштырылды. Швейцария эл аралык каржы агымдары үчүн маанилүү транзиттик пункт экени белгилүү. Ал эми франк дүйнөдөгү негизги резервдик валюталардын тизмесинде. Дал ушул себептүү «Астана» ЭКБнын алдыңкы катардагы швейцариялык каржы институттары менен кызматташтык орнотуу маанилүү ролго ээ.

КАЙРАТ КЕЛИМБЕТОВ, «АСТАНА» ЭКБнын  ЖЕТЕКЧИСИ:

- Швейцарияда мындай борборлордун бир нечеси бар. Ал Цюрих, Женева жана Базель. Ошондой эле, Швейцариянын Улуттук банкы ааламдык активдерди башкара турган UBS, UBP, Pictet банктары, «Credit Suisse» аттуу инвестициялык жана «Julius Baer» сыяктуу менчиктештирилген каржы уюмдары бар. Алар биздин улуттук банктар жана экинчи деңгээлдеги каржы институттары менен мурунтадан бери бирге иштешип келишет. Келечекте өз өкүлчүлүктөрүн ачууну көздөп жатышат.

МАССИМИЛИАНО КАСТЕЛЛИ, UBS GLOBAL ASSET MANAGEMENT БАШКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биз Казакстанда иштеп жатабыз. Эми «Астана» эл аралык каржы борборунун жумушуна көз чаптырабыз. Казакстандын экономикасы менен банк системасы алгылыктуу өнүккөн. Демек, келечекте биргеликте план түзүү үчүн ыңгайлуу жана туруктуу мамлекет. Бүгүнкү күндө Европа менен Азия ортосу алыстаган. Азияга кирип-чыгып жаткан инвестициялардын баарын билебиз. Ушул багытта Астана маанилүү ролду ойнооруна ишенебиз.

Каржы борборунда акыркы эки жылда көптөгөн даярдык иштери жүргүзүлдү. Англис укук системасы алкагында 50гө жакын  нормативдик укуктук актылар кабыл алынды. Бул Лондон, Дубай, Сингапур жана Гонконг сыяктуу абройлуу каржы борборлорунун алдыңкы тажрыйбасы. Каржы борборунун жетекчисинин айтымында, расмий ачылышка финансы институттарын жөндөгөн агенттик, менчиктештирүү жараянын жүргүзгөн казакстандык Биржа да даяр. Бул платформа Nasdaq америкалык компаниясы жана Шанхай фонд биржасы менен биргелешип түзүлгөн.

ХАНС БИШОФФ, ГЕРМАНИЯДАГЫ «КAZAKH INVEST» КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Европалыктар үчүн Казакстандын инвестициялык климаты абдан жакшы. Инвесторлорго болушунча ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Төмөн салык, коопсуз жана ири рынок. Теке айында Казакстанга инвестиция кылууну көздөп жаткан немис ишкерлер делегациясы менен Астанага барууну пландап жатам.

Конференциянын катышуучулары Цюрих “Астана” ЭКБнын Европадагы маанилүү стратегиялык шериктештеринин бири болооруна шексиз ишеним артышты.