Казакстан - европалык инвесторлор үчүн Борбор Азияга терезе

Казакстан европалык инвесторлор үчүн Борбор Азияга терезе. Астанада соода-сатык жана инвестиция боюнча Польшалык агенттик ачылды. Эки жактуу өлкөлөрдүн экономикалык форумунда белгилүү болгондой, бул агенттик  польшалык экономиканын аймактарда стратегиялык өнүгүүсүнө өбөлгө болот.  Казакстан Жибек жолунда жайгашкандыктан, “Бир кур-бир жол” долбоорунда негизги бөлүгү болуп келүүдө. Агенттиктин жардамы менен польшалык компаниялар азиялык рынокко ээн-эркин чыга алышат. Белгилей кетсек, форумга 30 чет өлкөлүк ишкер катышты. Казакстандык ишкерлер менен биргеликте соода кызматташтыктын келечеги талкууланды. Акыркы жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Польшанын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу эки жарым эсеге өсүп, 310 миллион долларды түздү.

ЕРЛАН ХАИРОВ, КР ИНВЕСТИЦИЯ ЖАНА ӨНҮГҮҮ КОМИТЕТИНИН ӨКҮЛҮ:

- Польша Казакстанга  200 миллион доллардан ашуун инвестиция кылды, ал эми Казакстан Польшага 25 миллион доллардан ашуун. Инвестициянын негизин биринчи орунда химиялык өндүрүш, минералдык чийки зат жана металлургиялык комплекстүү өндүрүштү жеткирүү түзөт. Азыркы тапта 100дөн ашуун жигердүү иштеп жаткан биргелешкен ишкана бар.

ТАДЕУШ КОСЦИНСКИЙ, ПОЛЬШАНЫН ИШКЕРДҮҮЛҮК ЖАНА СООДА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Менин оюмча соода көлөмү жаман эмес, ал жыл сайын  70 пайызга өсүп жатат. Казакстандан экспорттолгон өндүрүштөрдүн көрсөткүчү да жакшы, биз ал өлкөдөн мунай жана суюк газды импорттойбуз. Биз өз убагында унаа жана азык-түлүк товарларын жөнөтөбүз. Биздин кызматташтыктын келечеги зор, айрыкча инвестиция тармагында, бирок азыркы тапта кызматташтык төмөнкү деңгээлде турат. B2B форматындагы ушундай жолугушуулар бул кырдаалды жогорулатат деп ишенем.

Жакынкы арада Польшада инвестицияны колдоо боюнча мыйзам кабыл алынат. Тадеуш Косцинскийдин пикиринде, бул мыйзам эки өлкөнүн  кызматташтыгын дагы да жакшыртат. Ошондой эле форумдун жыйынтыгы боюнча Польша-Казакстандын соода-өндүрүштүк палатасы менен Агенттиктин ортосунда Павлодар облусуна инвестиция тартуу боюнча  келишимге кол коюлду. Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда 100дөн ашуун эки өлкөнүн бирдиктүү ишкердүүлүгү жигердүү иштеп келе жатат.

Ошол эле учурда өлкөлөр маалыматтык чөйрөдө да кызматташтыкты активтештирүүнү көздөшүүдө. Эки тарап өлкөлөр туурасындагы маалыматтарды «Kazakh TV» телеканалы аркылуу бөлүшүүгө келишишти. Азыркы тапта Казакстанда 34 миң польшалык диаспоранын өкүлү жашайт.