Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүндө экономикалык таасирин күчөтүп жатат. Өткөн жылы Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү 17,5 миллиард долларга чейин өскөн. Бул жылы Иран, Кытай менен соода-сатыкты өстүрүү жана Молдова, Хорватия менен кызматташтык  боюнча документтерге кол коюлду. Тармактык министрликтин маалыматына ылайык, ЕАЭБ соода-экономикалык кызматташтыгынын алкагында, Израиль, Египет, Индия, Сингапур жана Сербия өлкөлөрү менен эркин соода-сатык боюнча келишимдер түзүлөт. Азыркы тапта  өлкөлөр ЕАЭБ экономикасын санариптештирүү, биримдик рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле бажылык, техникалык, транспорттук иреттөө, мамлекеттик сатып алуу жана атаандаштык боюнча мыйзамдуулуктарды жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди аткарып келе жатышат.

ТИМУР СУЛЕЙМЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- Эл аралык каржы уюмдары менен кызматташуу боюнча биз 25ке жакын инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатабыз. Тартылган каржы үлүшү 76,2% түзөт. Долбоорлор ар кандай  тармактарда ишке ашырылып жатат. Мисалы, орто жана чакан бизнес, курулуш жана унаа жолдорду оңдоо тармактары.