Казакстандын ички дүң өнүмү жыл башынан бери 3,9 пайызга өстү. Инвестициялык жигердүүлүк жана инфляциялык процесстердин басаңдашы – экономикалык өсүшкө таасир эткен негизги факторлор. Улуттук экономика министрлигинин расмий маалыматына ылайык, беш айдын ичинде негизги капиталга салынган инвестиция көлөмү 25,3 пайызга өскөн. Бул жагдайга Чымкент мунай иштетүү заводун  жаңыртуу жана Теңиз кен жайын кеңейтүү долбоорун ишке ашыруу негиз болду. Кайра иштетүү өнөр жайына инвестиция агымы 21,5 пайызга көбөйдү. Ошондой эле, жыл башынан бери тышкы соода жүгүртүүсү көрүнүктүү өсүш көрсөттү.

ТИМУР СҮЛЕЙМЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

-Тышкы соода жүгүртүүсү оң жигердүүлүгүн сактап келе жатат. Ал агымдагы жылдын биринчи кварталында көрсөткүчтөр 24,3% өскөн. Экспорт көрсөткүчтөр 27%га көтөрүлдү. Бул кырдаалда чийки эмес зат товарлар экспортунун өсүшү 11,2% түзөт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии