«Астана» эл аралык каржы борбору криптовалюталар рыногун иреттөө концепциясын иштеп чыкты. Ал виртуалдуу валютаны сактап, жүгүртүүгө чыгарууну иреттейт. Документ Астанада блокчейндин тобокелчиликтери менен мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналган эл аралык жыйындын алкагында тааныштырылды.

АСЫЛБЕК ДӘУЛЕТОВ, АЭКБ ФИНТЕХТИ ИРЕТТӨӨ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Биз баалуу кагаздардын жеке жайгаштыруу режимин кеңейтип жатабыз. Ал эмитенттерге каржы институттарында тиркелбей өздөрүнүн баалуу кагаздарын чыгаруу аркылуу пайда табууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок, бир катар чектөөлөр да бар. Эгер баалуу кагаздар фонд рыногунда атайын дасыкпаган инвесторлорго сатылса, биз лимитке чек коёбуз.

Казакстан азыркы тапта блокчейн технологияларды киргизүүгө маани берүүдө. Реалдуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор бар. «Казпочта», «Казактелеком» сыяктуу компаниялар да ушул процессте. «Зерде» улуттук холдинги менен телекоммуникация операторлору пилоттук долбоорлорго арналган инфраструктура даярдашты. Бирок, аны жетилтүү керек, дейт Премьер-министрдин орун басары Аскар Жумагалиев.

АСКАР ЖУМАГАЛИЕВ, КР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Улуттук банк тургундарга блокчейн жана маалыматтык системалардын аркасында өз каражаттарын инвестициялоого мүмкүнчүлүк берет.  Ошондой эле айыл чарба министрлигинде кызмат көрсөтүү кезинде электрондук дан тизмелерин берүү системасына да блокчейн киргизилген. Аларды баалуу кагаздардын прототиби иретинде караштырууга болот. Бул процесстин абдан жогору болушун камсыз кылат.

АЛАН ДОРДЖИЕВ, БЛОКЧЕЙН ЖАНА КРИПТОТЕХНОЛОГИЯЛАР УЛУТТУК АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Азыркы тапта блокчейн олуттуу коммерцияланып жаткан жок. Анткени технологиянын өзү өнүгүү үстүндө. Бирок, блокчейн мамлекет үчүн өтө керек болчу келишимдерди колдонуу, акча которуунун ачыктыгы менен маалыматтар базасын сактоого жагдай жасайт. Ал эми бул өлкөнүн индустриялаштыруунун жаңы этабына өтүү үчүн маанилүү.

Алан Дорджиев блокчейнди өнүктүрүүдө ар бир өлкөнүн өз  тажрыйбасы бар, дейт. Казакстан да азыркы тапта өзүнүн ноу-хаусун иштеп чыгууда.  



Oкшош жаңылыктар

Комментарии