Казакстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы товар жүгүрттүүсү 20% өстү

Казакстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы товар жүгүрттүүсү 20% өстү

Акыркы беш жылда Казакстан менен Кытайдын айыл чарба тармагындагы товар жүгүрттүүсү 20 пайызга өстү. Ири рынокко экспорттолгон казакстандык агро өндүрүш комплекстеринин өндүрүштөрү эки эсеге жогорулады. Бул көрсөткүчтү Казакстан дагы да өстүрүүгө даяр. Ал үчүн айыл чарба тармагындагы ветеринария менен фитосанитария боюнча көп иш жасоо керек. Стандартташтыруу менен тамак өндүрүштөрүнө коюлчу талаптарды тартипке келтирүү зарыл. Азыр эки өлкө рапс майы, сүт, эт, помидор жана башка өндүрүштөрдү иштете турган бирдиктүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатышат.

ХУН ЛИ, «CATHAY INDUSTRIAL BIOTECH ИНВЕСТОРУ:

- Биз Синьцзянда жылына 100 миң тонна нейлон чыгара турган завод салып жатабыз. Ага чийки зат катары Казакстан буудайын  колдонгубуз келет. Себеби, казак жеринде өскөн буудайдын сапаты жогору. Анткен менен Кытайга буудай киргизүүдө квота маселеси бар. Ошондуктан аны жөнгө салууга аракет кылып жатабыз.

Кытай-Европа жана Кытай-Борбор Азия-Кытай багыты боюнча транспорт-логистикалык желелер иштеп жатат. Ал Казакстандын транзиттик, экспорттук жана импорттук мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүдө. Былтыр “Батыш Европа-Батыш Кытай” эл аралык унаа коридору  курулушунун кзакстандык бөлүгү аяктаган. Бул коңшулаш өлкөгө Эски континентке жетүүгө мүмкүнчүлүк бере турган эң кыска жол болот. “Нурлуу жол” жаңы экономикалык программасы “Жибек Жолунун экономикалык куру” менен  кошулуп, континент аралык инфраструктураны өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Келечекте соода-сатык менен биргелешкен инвестициялардын көлөмү өсө берет.

МЭН СИЯОСУ, КЫТАЙ КОРПОРАЦИЯЛАРЫ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Кытай менен Казакстан “Жибек Жолу” экономикалык курунун таасирдүүлүгүнүн өсүшүнө зор салым кошту. Азыр аталган стратегиялык  демилгенин олуттуулугун жана жашоого керектигин  көп өлкөлөр моюндап жатышат. Быйыл “Бир кур, бир жол” программасына 5 жыл толду.  Демилге Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан колдоо таап, “Нурлуу жол” программасы менен айкалыштырды. Ушундай ийгиликтүү айкалыштуулук эки өлкөнүн өндүрүшүнө оң таасирин тийгизет.

Казакстан эгемендүүлүккө ээ богондон бери Кытайдан 16 млрд АКШ доллардан ашуун инвестиция алган. Ал эми азыр Казакстанда кытайлык капиталы бар 1200гө жакын компания иштеп келет. Биргелешкен инвестициялык долбоорлор машина куруу, мунай иштетүү, химия,  тамак өндүрүшү жана логистика тармагында ишке ашты.

ЛИ ЦЗЫГО, ЭЛ АРАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР ИНСТИТУТУНУН ЕВРАЗИЯ БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Бүгүнкү күндө Кытайдын Костанайда чыгарган автоунаалары көпчүлүккө белгилүү. Муну эки өлкөнүн өндүрүш тармагындагы өнөктөштүгүнүн  жемиши деп айта алабыз. Астанада салынып жаткан жеңил рельстүү тез жүрүүчү поездинин жолу да келечекте калктын жакшылыктарына кызмат кылат.

Казакстан менен Кытайдын ортосунда ишкердик карым-катнаш быйыл да жанданат. Агро өндүрүштүк комплекс, тоо металлургиясы жана химия өндүрүшү боюнча баасы 2 млрд  АКШ долларын түзгөн дагы 6 долбоор ишке берилет.