Астанада Казакстан-Словения бизнес клубу ачылды. Эки өлкөнүн 60ка жакын ишкердик топторун чогулткан эл аралык бизнес форумда жаңы объекттин тушоосу салтанаттуу кесилди. Бизнес клубдун ишке кошулушу менен  ич ара адистерди өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылат деп пландалууда. Тарапташтар эми эки жактуу соода-сатыктын өнүгүшүнө ишеним артып турушат. Былтыркы 9 айда Казакстан менен Словения ортосундагы алыш-бериштин натыйжасында товар жүгүртүү 97,2 миллион долларга жеткен. Словения Казакстан үчүн Борбордук Европага жол сала турган маанилүү стратегиялык өнөктөш. Аталган мамлекет блокчейн технологиясын ийгиликтүү өздөштүргөн  өлкөлөрдүн бири. Алар ушул заманбап системанын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана маалыматтык технологиялар тармагындагы жетишкендиктери менен бөлүшүүгө кызыктар.

ДЕЯН ШТАНЦЕР, КАЗАКСТАН-СЛОВЕНИЯ БИЗНЕС КЛУБУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан биздин компаниялар үчүн өтө маанилүү рынок. Бүгүнкү күндө 100дөн ашуун словениялык ишканалар Казакстанда ийгиликтүү иштеп келе жатат. Былтыр словениялык компаниялар Казакстандын экономикасына 60-80 млн инвестиция кылышкандыгын атап кетким келет. Бул түз сырттан келген чет өлкөлүк каржы. Бул жерде биздин компаниялар IT тармагынан баштап, ири өндүрүштүк комплексттерге чейинки бардык тармактарда жигердүү эмгектенишүүдө.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии