Казакстанга акыркы 12 жылда 264 миллиард доллар түз инвестиция тартылды. Расмий маалымат боюнча, өлкө экономикасына ишеним артып, каржы салып келе жаткан алдыңкы ондукка Недерланды, АКШ, Франция, Швейцария, Орусия жана Кытай өлкөлөрү кирет. Капитал салымдарынын көрүнүктүү үлүшү пайдалуу кендерди иштетүү тармагына тиешелүү. Акыркы жылдары чет өлкөлүк инвесторлор өндүрүү секторуна да көңүл буруп келет. Бул айрыкча  азык-түлүк жана агро өнөр жай комплекстеринде жакшы байкалат. Андан кийин металлургия, мунай-газ, фармацевтика, туризм жана машина куруу тармактары турат. Республикада жаңы долбоорду ишке ашырууга ишкерлер дагы 7 млрд доллар бөлүүгө даяр. Инвесторлорду өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климат, жеңилдетилген салык менен преференциялар кызыктырууда.

ЖЕҢИС КАСЫМБЕК, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюм стандарттары менен эл аралык тажрыйбаларды эске алып, өкмөт инвесторлорго ыңгайлуу жагдай жасоо багытында туруктуу иш жүрүгүзүп келет. Бүгүнкү күндө инвестициялык климат көрүнүктүү жакшырды. 2017-жылдын теке айынан баштап Казакстан экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун инвестициялар жөнүндөгү Комитетинин мүчөсү болду. Акыркы 6 жылда мыйзамды уюм стандарттарына ылайыкташтырдык. Башкача айтканда, уруксат берүү системасын жеңилдеттик, салык, бажы көзөмөлү, миграция тармактарындагы мыйзамдарды жакшырттык.

Орусиялык компаниялардын бири Алматы облусунда жылдык кубаты 100 тоннага жеткен майлагыч материалдарын чыгара турган заводду куруу ишин баштоону көздөп жатат. Өндүрүштө санариптик элементтер колдонулат. Серепчилер белгилешкендей, казакстандык мунай жана газга дүйнөлүк рынокто суроо-талап жогору.

БЕН ВАН БЕРДЕН, «РОЯЛ ДАТЧ ШЕЛЛ ПЛС» КОНЦЕРНИНИН БАШКЫ АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- «Sky» сценарийинин алкагында жигердүү өзгөрүүлөр болгонуна карабастан, 2050-жылга чейин дүйнөнүн бүгүнкү мунай менен газга деген көз карандуулугу 85 пайызды түзөт. Ошондуктан казакстандык мунай менен газга болгон суроо-талап дагы узак мезгилге чейин сакталары анык. Ушуга кошо, Кашаган, Карачыганак жана башка да кен жайларында биргеликте иштешүү бардыгыбыз үчүн узак мезгилдүү кажеттүүлүк болору шексиз.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстандын инвесторлор тизмесинде 120 мамлекет менен эл аралык уюм бар.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии