Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Кёльнде өткөн бизнес-форумда тааныштырылды. Казакстан элчилигинин колдоосу менен уюштурулган иш-чарага Германиянын ишканаларынын жетекчилери, инвесторлор менен саясатчылар катышты. Казакстандык делегацияны баштап барган «Kazakh Invest» төрагасы Сапарбек Туякбаев улуттук  компаниянын иши жана Казакстанда бизнес жүргүзүүнүн жагдайын, ошондой эле эффективдүү тармактар жөнүндө терең баяндап берди. Форумга чакырылган немис ишкерлери Казакстандагы инвестициялык шарттарга оң баа беришти. Аларды кайра жанма энергия, туризм, курулуш тармагында иштей турган инвесторлорго арналган салык жеңилдиктери кызыктырды. Аны менен катар, казакстандык делегация Кёльнде бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрдү.

ХЕНИНГ ЦОЦ, ZOZ GROUP ПРЕЗИДЕНТИ:

- Казакстан менен жакындан баштап биргеликте иштей баштадым. Ушул тааныштырууда Казакстан тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарга ээ болдум,  бизнестеги бул кадамдары чындыгында шыктандырды. Активдүү өнүгүү жана жашоо деңгээли менен бизди таң калтырган өлкө. Биз технологиялык компания болгондуктан, инновация менен алектенип, даяр өндүрүш чыгарабыз.

ГЕНРИХ ЦЕРТИК, БУНДЕСТАГДЫН МУРДАГЫ ДЕПУТАТЫ:

- Казакстан мага жакын, анткени мен ошол жакта төрөлгөм. Ар дайым немис ишкерлерине Казакстанга инвестиция кылгыла деп келем. Ошондуктан бул жаатта немис ишкерлеринин көп маалыматка ээ болуусу маанилүү. Акыркы 5 жылда Казакстан менен Германиянын экономикалык карым-катнашы кеңейди. Эки өлкө дигитализация жана курулуш тармактарында тыгыз кызматташтык орнотушу керек деп ойлойм.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии