Казакстан-Кытай: «Бир кур, бир жол» демилгеси

Кытайдын «Бир кур, бир жол» демилгеси эл аралык кызматташтыктын эффективдүү куралына айланууда. Анын алкагында казак-кытай мамилеси жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы  Кытайга экспорттолгон товар көлөмү 36,6 пайызга өсүп, 5 млрд 770 млн долларга жеткен. Ал эми эки жактуу товар жүгүртүү 11 миллиард АКШ долларына жакындады. Бул көрсөткүчтү 2020-жылга чейин 50 миллиард долларга жеткирүү көздөлүүдө. Кытайдын Өнүгүү жана реформа жөнүндөгү мамлекеттик комитетинин Төрагасы Хэ Лифен «Бир кур, бир жол» демилгесинин 5 жылдыгында Казакстан менен Кытай өз ара эффективдүү жана мыкты өнөктөштүккө кол жеткизди, дейт өз сөзүндө.

ХЭ ЛИФЭН, КЫТАЙ ӨНҮГҮҮ ЖАНА РЕФОРМА ЖӨНҮНДӨГҮ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Назарбаев Университетинде Төрага Си Цзиньпиндин Улуу Жибек Жолун жаңыртуу тууралуу айтканына 5 жыл болду. Ушул убакыт аралыгында эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык тармакта, экономика, логистика, инфраструктура жана маданий жактарынан тереңдей түштү. Биздин калкыбыздын Казакстан тууралуу түшүнүгү артты.

Бүгүнкү күндө Казакстан КМШдагы Кытайдын Орусиядан кийинки экинчи экономикалык шериктеши. Мамлекет башчыларынын жогорку деңгээлдеги достук кызматташтыгынын натыйжасында ич ара карым-катнаш жылдан жылга  бекемдеп келе жатат. Быйыл тарапташтар жалпы суммасы 2 миллиард АКШ долларды түзгөн 6 долбоорду ишке киргизишет.

Казакстан менен Кытайдын «Бир кур, бир жол» демилгесинин алкагындагы кызматташтык көп тармакты камтыйт. Жакында «Жибек Жолу» программасынын алкагында казакстандык ойлоп табуучулар Кытайдын 17 ири компаниясына өз долбоорлорун тааныштырды. Чет өлкөлүк бизнесмендерге «Инновациялык технологиялар паркынын» камкордугу менен түзүлгөн демилгелер сунушталды.

АСКАР СЕМБИН, «ИТП» АКК БАШКЫ ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ:

- Астанада теке айынын 2-3-күндөрү «Жибек Жолунун мегаполистери» деп аталган форум өтөт. Бизди Кытайдын экологиялык стандарттар, туруктуулукту сактоо багытындагы тажрыйбасы кызыктырып жатат. Мисалы, аларда электромобилдерге  өтүү, жашоочулардын өмүр сүрүү сапатын  жакшыртуу боюнча жакшы программалары бар. Бизди негизинен унаа тыгындарынан  арылуу, имараттардын курулуш убактысын кыскартуу сыяктуу маселелердин кандай чечилиши кызыктырды. Кытайдын бул тармактарда мамлекеттик программалары көп.

Эске сала кетсек, «Улут мерчеми» алкагында Инновациялык технологиялар паркы трансулуттук корпорациялар менен кызматташтыкта Индустрия 4.0., жаңы материалдар, каржы технологиялар багыттарында тармактык Технологиялар борбору түзүлүп жатат. Startup Kazakhstan программасынын алкагында жергиликтүү жана КМШ өлкөлөрүнөн  50гө жакын инновациялык стартап тандалып алынды. Алардын ар бирине 20 миң доллардан каржы бөлүндү. Бул долбоорлор келээрки жылы толук күчүнө кирет.