Казакстан-ЕБ: Кызматташтыктын келечеги

Казакстан-ЕБ: Кызматташтыктын келечеги

Казакстан менен Европа Биримдиктин стратегиялык кызматташтыгы бардык тармактарды камтыйт. Кол коюлган келишимдин  негизинде 29 багытта кызматташуу жүрүүдө.  Алардын бири - «жашыл» экономиканы өнүктүрүү. Эскерте кетсек, 2013-жылы Казакстандын Президентинин демилгеси менен Казакстандын жашыл экономикага өтүү моделинин концепциясы кабыл алынган. Евробиримдик бул демилгени колдоп 7 миллион евро бөлүп берген. Бул концепцияны БУУ ишке ашырат. Долбоор 3 жыл мурда башталып, ушул күздө жыйынтыкталат. Ал бир нече бөлүктөргө бөлүнгөн, тагыраагы 4 пилоттук долбоор, жергиликтүү жерлерде 14 грант жана 3 стартап бар.

ГҮЛЖАМАЛ ИСАЕВА, БУУнун  ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУНУН МЕНЕДЖЕРИ:

- Актөбөдө эки суу сактагыч бар. Бул Каргалы жана Актөбө суу сактагычтары. Каргалы суу сактагычынын үлгүсүнүн негизинде биз бизнес-мерчем жасап, чакан ГЭС орноттук. Натыйжасында бекер энергия алууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Эми бул жерде рекреациялык бизнес менен күнөскана, көлмө чарбачылыгын өнүктүрүү көздөлүүдө.

Ал эми Алматы облусунун Эмгекчиказак районундагы Акши айылында энергия үнөмдөй турган технология долбоору ишке ашырылды. Айылдагы бала бакча менен мектепте сенсордук түтүкчө жана сантехникалык система орнотулган. Бул технология түтүкчөлөрдө жыйналган калдык заттардын көлөмүн  алгылыктуу азайтат. Ал эми түтүкчөдөгү суу үч ирет тазартылып, автоматташтырылган системанын негизинде өсүмдүктөр сугарылат. Ошону менен катар аймакта күн аркылуу суу жылыткыч түзмөктөрү орнотулган. Долбоордун экинчи бөлүгү  дренаж системасын кайра жаңыртууга багытталган. Ал аркылуу суу чогулуп, анын сыртка чыгуусуна жол бербейт. Акшидан алыс жерде ным чогула турган эки ири көлмө  куруу иштери жүрүп жатат. Бул жерде 10 күнөскана курулуп, айыл тургундары гүл жана жашылча өстүрө алышат.

ГҮЛЖАМАЛ ИСАЕВА, БУУнун  ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫНЫН ДОЛБООРУНУН МЕНЕДЖЕРИ:

- «Startup Bolashak» алкагында биз 50 000 евро өлчөмүндө колдоо көрсөттүк. Ал эми гранттык долбоор 600 миң еврону түзсө, пилоттук компонентке 3  млн евро бөлүнгөн.

Қазақстан мен Еуро Одақ арасындағы қарым-қатынас жылдарында, ал бұл ширек ғасырды құрайды, жалпықұны 180 млн еуро құрайтын 350 жоба жүзеге асырылыпты. Біздің еліміз Еуро Одаққа мұнай-газ секторын, сондай-ақ басқа да пайдалы қазбалар, химиялық заттар, азық-түлікті экспорттаумен белгілі. Ал өз кезегінде Еуропалық Одақ көлік жабдықтарын, фармацевтикалық дәрі-дәрмек, медициналық жабдықтар, жиһаздарды импорттайды.

Казакстан менен Евробиримдиктин ортосундагы чейрек кылымды түзгөн карым-катнаш мезгилинде жалпы суммасы 180 млн еврону түзгөн 350 долбоор жүзөгө ашырылган. Казакстан Евробиримдикке мунай-газ секторун, ошондой эле башка да пайдалуу кендер, химиялык заттар, азык-түлүк экспорттоо менен белгилүү. Ал эми Европа Биримдиги өз кезегинде унаа жабдыктарын, фармацевтикалык дары-дармек, медициналык жабдыктар, эмеректерди импорттойт.