Казакстандагы инвестициялык климат

Казакстандагы инвестициялык климат

Ыңгайлуу инвестициялык климат жана экономикалык туруктуулук – чет өлкөлүк ишкерлерди Казакстанга тартууда башкы факторлордун бири. Инвесторлор Казакстандын рынокторунун жигердүү түрдө өнүгүп келе жаткан Кытай жана Орусия өлкөрү менен чек аралаш жайгашкандыгы – атаандаштыкка артыкчылык деп эсептешет. Мисалы, Кытай Эл Республикасынын ишкерлери «Павлодар» экономикалык аймагы менен  билек түрө кызматташууга кызыктар. Алар ысытылган мунай коксун ири көлөмдө сатып алууга ниетин билдиришти. Аны Синьзян-Уйгур автономиялуу округунда жайгашкан алюминий заводуна жеткизүүнү көздөп жатышат. Ошондой эле Кытай өлкөсүнүн ишкерлери жергиликтүү агрохимиялык өндүрүш комплекси менен тамак өнөр жай ишканаларына кызыгуу артышты. Кытай ишкерлери экологиялык таза, табигый өндүрүштөрдү сатып алууга кызыктар.

ЧЕН ГАН, «EYEMA» КОМПАНИЯСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Кокс чыгара турган өндүрүштүн жумушу менен тааныштык. Синьзянда жылына 3 миллион тоннадай алюминий чыгара турган завод бар. Ага ири көлөмдө кокс керек. Биз Павлодар облусунан жылына 100-150 миң тонна кокс сатып алууга даярбыз. Азык-түлүк ташуу менен алектенүүгө да мүмкүнчүлүктөр көп.

АЙБЕК ТУРСЫНГАЛИЕВ, «ПАВЛОДАР» АТАЙЫН ЭКОНОМИКАЛЫК АК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Кытай өлкөсүнүн ишкерлерин биздин долбоорлорубуздун бардыгы кызыктырды. Жакынкы арада эки тарап ортосунда узак мөөнөттүү ишкердик байланышы орнойт  деген үмүттөбүз.

Биргелешкен ишканаларды курууга Түркия да кызыгуу артууда. Өткөн жылы Казакстанда жалпы суммасы 660 млн долларды түзгөн 15 долбоорду ишке ашырууга ушул өлкөнүн 12 ири инвестору чечим кабыл алган. Ошондой эле, түрк ишкерлерин Казакстандын агро өнөр жай секторунун  мүмкүнчүлүктөрү кызыктырууда.

ФАРУК ЕРОГЛУ,  «AGROBEST» КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКАРМА КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Казакстандын айыл чарбачылыгы тармагына инвестиция кылууга аракет кылып жатабыз. Ушул максатты ишке ашыруу үчүн бизге Алматы облусунун, Кайра айылынан 5 гектар жер берилди. Ал жерде инфраструктуралык маселелер чечилсе, быйыл курулуш менен монтаждоо иштерин баштайбыз.

ИБРАХИМ ОКУМУШ, ТҮРК-КАЗАК ИШКЕРЛЕР БИРИМДИГИНИН ТҮРКИЯДАГЫ ӨКҮЛҮ:

- Казакстанда жасалган өндүрүштөр бажы салыгысыз жана тоскоолдуксуз 180 миллиондук рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлерди кызыктырууда. Казакстанда инвесторлор үчүн ар кандай жеңилдиктер каралган. Теке айынын бешинде Астана шаарында каржы борборунун ачылыш салтанатын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Анткени бул борбор Казакстан экономикасынын кыймылдаткыч күчүнө айланышы толук мүмкүн.

Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө Казакстанда түрк капиталынын катышуусу менен жалпы суммасы 1 миллиард 400 миллион долларды түзгөн 32 долбоор ишке ашырылды. Түшкөн каражат курулуш, жеңил жана химия өнөр жайы, машина куруу тармактарына багытталган.