Казак-өзбек бизнес форуму

Казак-өзбек бизнес форуму

Казак-өзбек ишкерлери биргелешкен кооперация түзүп, бирдиктүү өндүрүштү башка өлкөлөргө чыгарышат. Эки өлкөнүн ишкерлери Чымкентте өткөн эл аралык казак-өзбек бизнес-форумунда ушундай мамилеге келишип, бир нече келишимдерге кол коюшту. Максат Казакстан-Өзбекстан ортосундагы ишкердик байланыштарды бекемдеп, экспорт менен импорт көлөмүн жогорулатуу. Боордош өлкөлөр соода-экономикалык кызматташтыгын арттыруу эки тарапка тең пайдалуу, дешет ишкерлер.

УСМОНЖОН КАМОЛОВ, ИШКЕР/ӨЗБЕКСТАН/:

- Биз өндүрүштүк буюмдар менен алектенебиз, атайын жумуш кийимдерин тиккендиктен, бүгүн дал ушул сунуш менен келип жатабыз. Бизге эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыш орнотуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мен бүгүн бир келишим-шарт түздүм.

ЖАНСЕИТ ТУЙМЕБАЕВ, ТҮШТҮК КАЗАКСТАН ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Өзбекстан - Борбор Азиядагы Казакстандын негизги стратегиялык өнөктөшү. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү жылдан-жылга өсүүдө. Аталган өлкөлөрдүн лидерлери быйыл соода жүгүртүү көлөмүн 3 млрд долларга, ал эми 2020-жылга чейин 5 млрд АКШ долларына чейин жогорулатуу тапшырмасын койду. Ошондуктан эки өлкөнүн ишкерлерине олуттуу колдоо көрсөтүү кажет.

Өткөн жылы Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 2 млрд долларга жеткен. Бул 2016-жыл менен салыштырганда 32 пайызга жогору. Түштүк Казакстан облусунун коңшу өлкөнүн ортосундагы өз ара соода байланыш 12 пайызга өсүп, 623 млн долларды түздү. Бул көрсөткүч форумдан кийин артат, дешет иш-чаранын уюштуруучулары. Анткени, казакстандык экспортчулар үчүн 35 миллиондук  өзбек рыногуна жол ачылат.