Казакстан менен Орусия кызматташтык багытын кеңейтүүдө. Эки өлкөнүн Актөбө жана Оренбург облустары өнөктөштүктүн жаңы багыттарын издөөгө багыт алды. Өткөн жылы Казакстан менен Орусиянын товар жүгүртүүсү 1 миллиард доллардан ашкан. Анын басымдуу бөлүгү Оренбург облусуна тиешелүү. Тагыраак айтканда, чек аралаш аймак менен 89 миллион 500 миң АКШ долларына соода-сатык жасалган. Бул тууралуу Актөбөдө өткөн Оренбург облусунун күндөрү алкагында айтылды.

БЕРДИБЕК САПАРБАЕВ, АКТӨБӨ ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Облус губернатору баштап келген чоң делегация менен Актөбөдө жолугушуусу коңшулаш жайгашкан эки облустун экономикасына жаңы дем берет деп ойлойм. Биз аймактардын башчылары катары жаңы ийгиликтерге жетүү үчүн жагдайларды жаратууга аракет кылабыз.

Эки тараптын ортосунда ондогон келишим менен меморандумга кол коюлду. Атап айтканда, актөбөлүк мунай жабдыктары Оренбургдагы Тюльган машина жасоо заводуна жеткизиле турган болду. Ал эми Орусия тарап жергиликтүү рельс-темир заводуна болотту жеткирүүнү көбөйтөт.

ЮРИЙ БЕРГ, ОРЕНБУРГ ОБЛУСУНУН ГУБЕРНАТОРУ:

- Оренбург облусунда казакстандык капитал бар. Оренбургдук каражат Актөбөдө да инвестиция катары орун алган. Актөбөнүн өйдө карай өнүгүп келе жатканы байкалууда. Бүгүнкү жолугушууда көптөгөн багыттар боюнча тажрыйба алмашуу ийгиликтүү болду. Ыраазычылыгымды билдирем.

Аймак аралык кызматташтык билим берүү чөйрөсүнө да таасир берди. Актөбөлүк 150 кичинекей бала бул жайды Орусия лагеринде өткөрүшөт. Ал эми коңшу мамлекеттин жаштары алдыңкы 3 айда Актөбөгө келишет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии