Казакстан 2025-жылга чейин мунай көлөмүн 104 млн тоннага жеткизүүнү көздөп жатат

Казакстан 2025-жылга чейин мунай көлөмүн 104 млн тоннага жеткизүүнү көздөп жатат

Казакстан 2025-жылга чейин мунай көлөмүн 104 млн тоннага жеткизүүнү көздөп жатат. Республикада өткөн жылы эле 86,2 млн тонна кара алтын өндүрүлгөн. Бул көрсөткүчтөрдө Карашыганак, Теңиз, Кашаган сыяктуу ири кен жайларынын үлүшү көп. Бүгүнкү күндө 45 кен жайда казуу иштери жүргүзүлүп келет. Илимий адистерди көбүрөөк пайдаланып, инвестор тартуу аркылуу аталган тармакты дагы да активдештирүү мерчемделип жатат. Ал үчүн мыйзам жагынан колдоо жасалып, укуктук жол-жобо жеңилдетилген.

ШАВХАТ ӨТЕМИСОВ, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Жаңы технологияларды өздөштүрүү абзел. Илимдин жардамы керек. Жер казынасы тууралуу мыйзам ишке киргизилгенден кийин, инвестиция көлөмү да, анын ичинде геология көлөмү да өсөт деген ойдобуз. Анын аркасы менен жаңы кен жайларын ачып, мунайдын өндүрүлө турган көлөмүн көтөрүүгө мүмкүнчүлүк алабыз.

ГҮЛМИРА ИСИМБАЕВА, КР ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Тоо-кен жана мунай-газ тармактарын иреттөөнүн жаңы ыкмаларын көздөгөн «Жер казынасы жана жер казынасын пайдалануу» кодексинин кабыл алынышы, ошондой эле өндүрүүчү секторго тийиштүү салык саясатынын өзгөрүүсү - аймактардын андан ары дүйнөлүк экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн жасалган мультипликативтик таасирин айтпаганда, мунай газ секторунун мындан ары өнүгүүсүнө жаңы ыргак берүүгө тийиш.

Ошондой эле, Казакстан сырттан күйүүчү-майдын импортун азайтат. Бара-бара рынокту ата мекендик мунай өндүрүштөрү толук камсыз кыла баштайт. Энергетика министри Канат Бозымбаевдин айтымында, ички суроо-талапка жооп берүү үчүн быйыл Орусиядан бензиндин 10, дизель күйүүчү майдын 8 пайызы гана алып келинген. Бул нерсеге ата мекендик мунай өндүрүү заводдорунун өндүрүштүк кубаттуулугунун арткандыгы себеп. Азыркы тапта 2 заводдо модернизациялоо ишке ашты. Ушул жылдын аягына чейин Шымкент заводу жаңылануу иштерин бүтүрөт.