ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экспорту 2017-жылы 40 пайызга өстү. Ошол эле учурда, Кытай менен болгон товар жүгүртүү 100 миллиард долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтөр 2 эсеге өсүшү мүмкүн. Астана экономикалык форумунун алкагында ЕАЭБ жана Кытай өлкөсү товар-экономикалык келишимин түзүштү. Бул келишим ар кайсы тармактарга артыкчылык берип, эл аралык соода ишинин жүрүшүнө жеңилдиктерди берет. Ошондой эле интеллектуалдык жеке менчикти коргойт. Айыл чарбачылыгы, энергетика, транспорт, маалыматтык-технологиялар инфраструктурасы жана каржы сектору кызматташууда артыкчылык болот. Азыркы тапта кытайлык өнөктөштөр  транспорттук сектордо 40 долбоорду сунушташты. Орусия, Батыш Европа жана Борбор Азия изилдөө институтунун эксперти Чжан Ниндин айтымында, түзүлгөн келишимдер Экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы ишенимдин өсүп жаткандыгынан кабар берет. 

ЧЖАН НИН, «БИР КУР, БИР ЖОЛ» ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Бул келишим өтө маанилүү. Бул жеке эле Кытай  менен Казакстандын ортосундагы мамилени эмес, Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдүн ортосундагы мамилени бекемдейт. Биргеликте соода, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу ыңгайлуу болот.  Бул келишим - Кытай менен ЕАЭБдин ортосундагы сооданын өсүшүндөгү ишенимдүү кадам. Экинчиден, бул эки өлкөнүн ортосунда ич ара түшүнүү пайда болгонунан кабар берет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии