Жаңы Борбор Азиялык соода-сатык

Борбор Азия өлкөлөрү өз ара соода көрсөткүчүндөгү жеке сектордун ролун арттырат. Бул маселе Астана экономикалык форумунун алкагындагы панелдик сессияда талкууланды. Серепчилердин айтымында, азыркы тапта Борбор Азия өлкөлөрү арасындагы аймак аралык соода дале чектелүү. Ошентсе да өлкөлөр ачык соода стратегиясын жана бул багыттагы түрдүү реформаларды колго алышкан.

ШИГЕО КАТСУ, НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Ар бир өлкөнүн экономикасында жергиликтүү өндүрүүчүнүн кыйла пайдалуу боло турган товарлар бар. Башкы милдет бул кандай товарлар экенин аныктап, бизнестин ошол өндүрүштөрүнө колдоо жасоо. Казакстанда мындай товарлардын катарына бал, жыгачтан жасалган өндүрүштөрдү кошууга  болот. Алар бул жерде чыгарылган кошумча күндүк салыгы кошулган товар боло алат.

Жыйынга катышкандар  Борбор Азиялык аймактык экономикалык кызматташтык уюмунун соода-сатыкты интеграциялоого тийгизе турган таасири боюнча кеп козгошту. Ошондой эле «Бир кур, бир жол» демилгеси менен Евразиялык экономикалык биримдик аймактык келишимдер жана демилгелердин төп келишин талкуулашты.

ВЕНЧАЙ ЖАНГ, АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биздин оюбузча келечекте Казакстан жана башка Борбор Азия, Кавказ өлкөлөрү бардык аймактык демилгелердин жемишин көрүшөт. Азия өнүктүрүү банкынын борбор азиялык аймактык экономикалык кызматташтык уюму, «Бир кур, бир жол» демилгеси алардын катарында. Казакстан аймактык интеграцияда маанилүү ролго ээ. Мамлекеттин бул процессти болушунча колдоп жаткандыгын көрүп жатабыз.