Блокчейн технологиялары жана криптовалюта - бул дүйнөнү өзгөртө турган келечек. Астана экономикалык форумда Казакстандын президенти адамзаттын бүт тармагын санариптештирүү мегатрендин белгилеген. Криптовалюта феномени заманбап каржы технологияларынын автивдүү өнүгүүсүн талап кылат. Белгилей кетсек, дүйнөдө 1,5 миңден ашуун криптовалюта бар жана күн сайын жаңылары пайда болууда.

ДЖОШУА ХОУЛИ, МАВРИКИЙ BLOCKCHAIN КОНСУЛЬТАТИВДҮҮ ФОНДУНУН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Азыркы эски системанын башаты 1980-жылдары пайда болуп, аткарма диск системасында негизделген. Бул абдан жай жана эффективсиз система. Керек болсо сиздердин карточка транзакцияңыздар көз ачып-жумгучакты болот, бирок эсеп-кысап транзакциядан 3 же 4 иш күндөрүнөн кийин гана болот. Блокчейн технологиялары менен акча которуулар  өтө тез ишке ашат. Азыркы тапта иштеп жаткан системадан алда кайда  эффективдүүрөк. 

Дал ушул тармакта эмгектенип келе жаткан серепчилер блокчейн жана криптовалюта - бул жөн эле электрондук акча бирдиги эле эмес, бул кеңири түшүнүктүү нерсе экенин белгилешет. Мындай системаны ишкердүүлүктө колдонсо болот. Мындан сырткары, товар жүгүртмөсүнө жана тейлөө үчүн колдоонууга мүмкүн. Төмөндөгүлөрдүн баарын эске алуу менен, бул уникалдуу технологиянын  башкы артыкчылыгы – анын коопсуздугунда, дешет адистер.

ДЖОШУА ХОУЛИ, МАВРИКИЙ BLOCKCHAIN КОНСУЛЬТАТИВДҮҮ ФОНДУНУН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ:

- Мисалы, бул система камсыздоодо жана идентификациялык маалыматтарды башкарууда колдонсо болот. Казакстан өкмөтү өз калкынын идентификациялык маалыматтарын блокчейнге киргизип коё алат. Эң башкысы бул жерде коопсуздук. Хакерлер жарандардын маалыматтарын урдап кете албайт.

Жалпы рынокто криптовалютанын өлчөмү 300 миллиардды түзөт. Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматына ылайык, 2027-жылы жалпы ИДПнын 10% блокчейнде сакталышы мүмкүн. Бул болжолдуу 10 триллион доллар.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии