Казакстандык унаа заводдордун бири электромобилдердин сериялык өндүрүшүн колго алат. Алар Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн рыногуна чыгарылат. Бүгүнкү күндө «жашыл» техникага  деген талап күн санап өсүп келет, дейт ишкердүүлүк башчылыгы. Завод технологиялык жактан жыл сайын беш жүз электрокар чыгарууга даяр.

МИХАИЛС КВЕТНИС, ИШКЕРЧИЛИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ БАШКАРМАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биз Бажы биримдикте сертификатталган алгачкы сериялык электромобилдер өндүрүшүн өздөштүрүп жатабыз. Чыгарылган электрокарлар Бажы биримдигинин аймактарына сатылат. Бул багытта Евразия экономикалык биримдиктеги автозаводдордун алдыңкы катарындабыз.

СЕРГЕЙ МОГИЛАТОВ, ИШКЕРДҮҮЛҮКТҮН ТЕХНИКАЛЫК МҮДҮРҮ:

- Күйүүчү май куя турган станциялар бардык жерде бар. Электромобилдерге да ушундай кызмат көрсөтө турган жайлар керек. Эгер адамдар унаасын кубаттандырууда, оңдоодо, батерея алмаштырууда эч кандай кыйынчылык жаралбаса, сатып алуучулардын саны сөзсүз түрдө өсөт.

«Рынокту изилдөө» максатында акыркы эки жылда  автозавод конвейеринен 27 «жашыл» унаа чыгарылат. Электромобилдер экологиялык жана экономикалык жактан пайдалуу экендиги далилденди. «Жашыл» унааларды толук кубаттандырууга 40 киловатт электр энергиясы жеткиликтүү. Бул күйүүчү майга караганда, алда канча арзан болот.

ОЛЕГ КОМИССАРОВ, ЖЕҢИЛ АВТОУНААЛАРДЫ КУРАШТЫРУУ ЦЕХИНИН БАШЧЫСЫ:

- Экологиялык жактан тазалыгы – ири артыкчылык. 1 чакырымга кете турган кубат чыгымын эсептегенде, күйүүчү майга караганда 50 пайызга арзан болуп чыкты.

Кытайдын трансулуттук корпорациясы экологиялык таза унаа өндүрүшүн чыгарууда өнөктөш болуп жатат. Ал алдыңкы технологиялык жаңылыктар менен бөлүшүүдө. Ушул аркылуу электр автоунаалардын өздүк баасын арзандатуу каралууда.



Комментарии