Казакстан менен Түркия экономикалык кызматташтыкты бекемдешет. Инвестиция жумалыгынын алкагында Стамбул жана Анкарада казакстандык делегация өкүлдөрү 35 ири түрк компаниянын башчылары менен жолугушууларды өткөрдү. Катышуучулар тоо кен металлургиясы, курулуш жана энергетика, телекоммуникация жана айыл чарбачылыгы, токуу жана дары-дармек багыттарында кызматташтык потенциалын талкуулашты. Казакстан түрк ишкерлеринин кызыгуусун жаратты – алар республикада бир нече долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатышат. Казакстанда кубаттуулугу 50 мегаватты түзө турган күн электр станциясын салуу мерчемделүүдө. Геологиялык изилдөөгө арналган биргелешкен ишмердүүлүк куруу тууралуу да келишишти.

БУРАК БАСМАДЖЫ, «BETEK BOYA KIMYA» КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстандын потенциалына ишенимдүү карайбыз. Инвесторлорго мамлекеттик деңгээлде көрсөтүлүп жаткан жеңилдиктер, каржылык жана инфраструктуралык жардамдарын билип, инвестициялык долбоорубузду ишке ашырууга бел байладык. Анткени Казакстан жана ага жанаша жаткан коңшу өлкөлөрдүн рыногу биз үчүн өтө маанилүү.

АРЫСТАН КАБЫКЕНОВ, КР ИНВЕСТИЦИЯЛАР ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Башкы максат - инвесторлорду көп санда тартып, Казакстандын өсүп-өнүгүүсүн мобилизациялоо. Түрк компаниялары өтө активдүү. Биз өз учурунда инвесторлору ишенимдүү чечим кабыл ала турган өлкөлөрдү атайын тандап бардык. Алардын колунда каражат, технология, билим менен тажрыйба бар. Азыркы тапта бул долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга казакстандык ишкерлерди издеп жатабыз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии