2017-жылы дүйнөлүк экономиканын көлөмү акыркы 6 жылда рекорддук түрдө өсүп, 3,8% түздү. Дүйнөдөгү экономикалык активдүүлүк Борбор Азия өлкөлөрү үчүн оң фактор. Эл аралык Валюта Фондунун адистеринин айтымында,  аймакта экономикалык жагдайлардын жакшыруусу негизги соода шериктештери, ошону менен катар чийки зат товарлардын  наркынын жогорулашы менен бир катар реформалардын ишке ашырылуусуна карай бул көрсөткүч өсөөрү байкалат. Эл аралык валюта фонду Кавказ жана Борбор Азия аймактарынын экономикалык абалы  тууралуу жылдык отчету менен тааныштырды.

Серепчилердин айтымында, Казакстандын жалпы ички өндүрүшү 2017-жылы 4 пайызды түзгөн. «Бул жакшы көрсөткүч», - дейт адистер. Улуттук экономиканын өсүшүнө мунай наркынын кымбатташы, металл жана айыл чарба товарларына суроо-талаптын өсүшү оң таасир тийгизген. Мамлекеттик программалар эсебинен кыймылсыз мүлк рыногу жанданып,   айыл чарба өндүрүүчүлөрүн насыялоо күчөгөн. Эл аралык Валюта Фондунун божомолу боюнча, алдыдагы бир нече жылда экономикалык өсүү күчөтүлгөн түрдө жүрөт. Ошондуктан экономисттер инфляцияны иреттөөгө жана сырткы сын-каталарга туруштук берүүгө акыбалы жеткиликтүү Улуттук Банктын ишине өзгөчө көңүл буруп жатышат.

ЖАНАТ КУРМАНОВ, КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Борбордук Банктын белгилүү куралдары бар, анын ичинде ички рынокто интервенцияларды жүргүзүүчү курал-шаймандары.

ЭВФ көңүл бура турган дагы бир маанилүү фактор-каржы секторунун иреттөө маселелери жана акча-насыя саясаты боюнча суроолор.

ЮХА КЯХКОНЕН, ЭВФ, ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ ЖАНА БОРБОРДУК АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

 - Көптөгөн банктар рекапитализация жүргүзүштү. Эми экономиканы насыя менен камсыз кылуу маанилүү. Биринчи кезекте ишенимдүү карыз алуучу менен иштерди жакшыртуу керек. Ушул багытта парламентте каралып жаткан мыйзам долбоорлору да өтө маанилүү.

Эл аралык валюта фонду өлкөлөр менен аймактар дүйнөлүк өсүү толкуну жана өз экономикасын диверсификациялоого багытталып жаткан демилгелердин мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле узак мезгилдүү өсүү келечегин пайдалануу керек деп эсептейт.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии