Криптовалюта жана блокчейн технологиялары каржы рыногун биротоло өзгөртөт

Криптовалюта жана блокчейн технологиялары каржы рыногун биротоло өзгөртөт. «Waves Platform» блокчейн платформасынын негиздөөчүсү Александр Ивановдун ою боюнча Ааламдык чакырыктар саммитинде Казакстан Президентинин токтолгон санариптешүү мегатрендинин маанилүүлүгү өсүп барат. 2030-жылга жасалма интеллект дүйнөлүк экономиканы 16 триллион долларга көбөйтөт. Эске сала кетсек, Казакстанда “Санариптүү Казакстан” программасы ишке кирген. Ал заманбап тенденцияларга жооп берет жана санариптүү инфраструктура жана IT-экосистеманы өнүктүрүүгө өбөлгө болот.

АЛЕКСАНДР ИВАНОВ, «WAVES PLATFORМ» ПЛАТФОРМАСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Санариптүү экономика эң олуттуу ролду ээлейт жана анын ааламдык экономика үлүшү өсөт. Ошондуктан бул Казакстан үчүн өтө маанилүү. Казакстандын Президенти санариптүү жана блокчейн технологияларын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүп жатат. 

Астана экономикалык форумунда Нурсултан Назарбаев белгилеген дагы бир мегатренд- урбанизациянын ыргагы жана мүнөзүнүн өзгөрүүсү. Бүгүнкү күндө Казакстан агломерация   стратегиясын ишке ашырып жатат. Ушул убакка чейин республикада адам жыш жашаган бир эле Алматы шаары болсо, азыр анын катарын Астана жана Чымкент толуктайт.

ЭРККИ ВЕЙСМАНН, ЭСТОНИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ӨКҮЛҮ:

- Жакында мамлекет эмес, ири мегаполисттер өз эрежелерин айта башташат. Биздин өлкөдө да адамдар шаарларга көчүп келишүүдө. Урбанизация – бул албетте тренд. Бир жагынан бул көйгөй,  бир жагынан мүмкүнчүлүктөр.

Белгилүү футуролог, швед экономикалык мектебинин профессору Кьелл Нордстрем 50 жылдан кийин 218 мамлекеттин ордуна 600 шаар болот деп алдын ала айткан.  Жакынкы Чыгыштын борбору – Дубай, Түштүк-Чыгыш Азиянын борбору – Сингапур. Бул бүткүл дүйнөлүк тенденция Казакстанда да байкалып жатат. Жыл сайын Астанага 100 миңге жакын адам көчүп келет.