Казак товарлары Орусияга экспорттолууда

Казак товарлары Орусияга экспорттолууда

Казакстан экспорт көлөмүн өстүрүүдө. Бүгүнкү күнү Казакстандык товарлар Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн рынокторуна жер, аба жана суу транспорттору менен жеткизилип келет. Ата мекендик өндүрүштөр Павлодардан Орусияга жүк кемеси менен ташылууда.

Аймактагы бардык жүк кемелери 100% жаңы навигацияга даяр. Портто кеңири жаңылануу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жаңы үч миңдик баржалар да сатып алынды.

АЛЕКСЕЙ ГЛАДКОВ, ПАВЛОДАР ДАРЫЯ ПОРТУНУН БАШКЫ ИНЖЕНЕРИ:

- Теплоходдорубуз толук даяр. Техникалык паркыбызды жыл сайын жаңыртып турабыз. Карамагыбыздагы баржалар, суу унаалары менен сүзгөн крандарыбыз оңдолду. Сүйүндүргөнү, флотубузду өзүбүз жергиликтүү кеме оңдоочу заводдо жаңылап алабыз.

Казакстандан Омск жана Түмөн облустарына Иртыш дарыясы аркылуу курулуш материалдары жеткизилет. Белгилей кетсек, өткөн жылы аймакта 900 миң тонна кум өндүрүлүп, анын 10 пайызы коңшу өлкөлөргө эскпорттолгон. Орусиялыктардын арасында казакстандык шагылга суроо талап жогору. Бир гана Түмөн облусуна жылына 20 миллион тонна шагыл жиберилет. Быйылкы жылы болжолдуу түрдө 160 миң тонна инертүү материалды коңшу өлкөгө жеткизүү мерчемделүүдө. Сибирден Казакстанга акыркы он беш жылда биринчи жолу 40 кубометр жыгач алынып келинет.

ТӨЛЕГЕН КҮЛЖАНОВ,  ПАВЛОДАР ДАРЫЯ ПОРТУНУН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Келечеги зор. Демек, алдыдагы убакытта Казакстан менен Кытай арасындагы жүк алмашуу бир жолго түшүрүлөт. Коңшу өлкө бул нерсеге абдан кызыктар. Алдыда Түндүк деңиз жолу аркылуу Түштүк Кореяга чыгуу үчүн бизге кепилдендирилген тереңдик зарыл.

Серепчилердин айтымында, аймактын  дарыя аркылуу экспортту өстүрүү мүмкүнчүлүгү зор. Деңиз сыяктуу эле бул нерсе экономикалык жактан жана жеткирүү мезгили тараптан да пайдалуу. Алдыдагы милдет – дарыяны тереңдетүү. Аталган жумуш Казакстан жана Орусия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте жүрүп жатат.