Казакстан абдан чоң транзиттик мүмкүнчүлүккө ээ. Мындай пикирди Британдык каржы ишкери Джим О'Нил Астана экономикалык саммитинде билдирди. Республика географиялык ыңгайлуулукка ээ дешет серепчилер. Ошондой эле Джим О'Нил, Улуу Жибек Жолу Казакстан үчүн кубаттуу куралдык инвестиция деп баса белгиледи. Чындыгында, Казакстан бул жаатта жигердүү иш алып барууда.

ДЖИМ О’НИЛ, SACHS ASSET MANAGEMENTтин ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МУРУНКУ ТӨРАГАСЫ:

– Сиздер Кытай менен Европаны байланыштырып жатасыздар. Негизинен мен, сиздердин транспорттук мейкиндигиңер дүйнөгө кеңири тарашына ишенем. Казакстандын артыкчылыгы бир гана Кытай менен чектеш болгону үчүн эмес, башка дагы Азия өлкөлөрү менен да бул жааттагы карым-катнашынын туруктуулугунда. Муну менен сиздердин өлкөңөр көп пайда ала алат.

Жарандык, коомдун болочогу. Бул Астана экономикалык  форумундагы башкы демилгелердин бири. Серепчилердин айтымында, азыркы заманбап коомдогу өзөктүү аспектилерди бейөкмөт уюмдардын алкагындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр менен алдыдагы максаттар тууралуу талкуу уюштурулду. Маанилүү демилгени Мамлекеттик башкаруу жогорку мектебинин президенти, немис-англис  профессору, социолог  Хельмут Анхайер өз колуна алган.

ХЕЛЬМУТ АНХАЙЕР, МАМЛЕКЕТТИ БАШКАРУУ ЖОГОРКУ МЕКТЕБИНИН ПРЕЗИДЕНТИ:

- «Жарандык коомдун келечеги» темасы өтө актуалдуу деп эсептейм. Мамлекеттин өнүгүүсүндө жарандык коом чоң ролду ойнойт жана алар бирдей өсүшү керек. Германияда жарандык коомдо эски демократиялык салт бар. Биз ар дайым жарандык коом мамлекетте болуп жаткан көйгөйлөрдө кандай ролду ойнойт деп талкуулайбыз. Мисалы, миграция маселесинде. Азыркы тапта Германияга эмне жетишсиз? Сиздердин өлкөңүздөрдө өтүп жаткан форум жетишсиз. Бул жерде барыбыз чогулуп, жарандык коомдун келечеги кандай болот деген талкууда олтурабыз. Ошондуктан сиздер Казакстанда кылып жаткан нерселер өтө маанилүү.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии