Митио Каку: Жакынкы арада ар бир адам автоунаа менен сүйлөшө алат

Санариптешүү адамзаттын жашоосун кандай жолго алып келет жана бул экономикага кандай таасирин тийгизет? Астана экономикалык форумунун спикерлери адамзаттын  эң олуттуу суроолорун талкуулашты. Алардын катарын жасалма интеллект, криптовалюта жана блокчейн технологиялары толуктайт.  Серепчилердин айтымында, жаңы тренддер каржы рыногун жана  адамзаттын жашоосун толук өзгөртөт.  2030-жылга 800 миллион адам баласы жаңы кесиптерди өздөштүрүшү керек. Алардын кээ бирлери азыркы убакта пайда боло элек. Бул нерсени ишке ашырууга жасалма интеллект өбөлгө болот.

СТИВ ВОЗНЯК, «APPLE» КОМПАНИЯСЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮЛӨРҮНҮН БИРИ:

- Бүгүнкү күнү сиз бардык компьютер менен жакындан сүйлөшө аласыз. Ал сиздин суроолоруңузга жооп берет. Мисалы, бүгүн Калифорнияда аба ырайы кандай болот деген суроолорго. Бул сиз үчүн акыл-эси бар кичинекей досуңузга  айланат. Эмне себептен ушундай компьютерлерди  билим берүүдө колдонсок болбойт деген ой келет. Эгерде мугалим бир гана окуучуну окутса ал жаңы.лбайт. А эгер алардын саны абдан көп болсочу? Компьютерлердин жардамы менен студенттерди ыкчам окутса болот. Ошондой эле бул нерсе ката кетирүүгө жол бербейт.

Белгилүү америкалык физик-футуролог Митио Какунун ою боюнча жакынкы арада рынокту роботтор басып алат, унаа индустриясы 2-планга өтөт.  Унаа каражаттары интеллектке ээ болот жана ар бир адам автоунаа менен сүйлөшө алат. Бул багыттын өсүшү жаңы жумуш орундарын пайда кылат. Массалык түрдө роботторду чыгаруучу жана аларды тейлөөчү заводдор ачылат.  Окумуштуунун оюна таянсак, робот техникалардын жана жасалма интеллекттин өсүшү – өлкөлөрдүн экономикалык жогорулашына алып келет.

МИТИО КАКУ, ОКУМУШТУУ-ФУТУРОЛОГ:

- Биз бул технологияларды кабыл алышыбыз керек. Жасалма интеллектке байланыштуу жаңы орундар пайда болот. Кайсы компанияда жасалма интеллекттүү өндүрүштөр жок болсо, ал банкрот болот. Ошондуктан бул нерсеге азыртадан баштап кошулуу зарыл. Себеби, бул нерсе жумуш орундарынын жана экономикалык өсүүнүн булагы болот. Илимде 4 төңкөрүш болгон. Биринчиси - буу кыймылдаткычы, бул бизге индустриялык төңкөрүштү, андан кийин шаарларга жеткен электр күчүн алып келди. Үчүнчүсү – интернет. Төртүнчү төңкөрүш - жасалма интеллект. Бул өсүүгө багытталган жаңы толкун.

Окумуштуу, келечекте адамзаттын өмүр сүрүү мезгили узарат деген ишенимде. Мисалы, микроскопиялык чиптер медицинада алмашкыс жардамчы болот. Чиптин жардамы менен так диагнозду коюуга мүмкүн.  Ошондой эле адамдын органдары лабораторияларда өстүрүлө баштайт. АЭФтеги талкууга катышкандар технологиялык төңкөрүш экономикалык өсүнүү күчөтөт, бирок дүйнөнүн өнүгүүсүндө тобокелчиликтерди жаратат деген жыйынтыкка келишти. Аталаган көйгөй серепчилердин алдыдагы талкуу чордонунда болот.