АЭФ 2018: «Санариптик аалам»

АЭФ 2018: «Санариптик аалам»

АEF: Global Challenges Summit аянтындагы серепчилер талкуулай турган дагы бир маселе – «Санариптик аалам». Белгилей кетсек, Казакстанда дигитализация институттарды, бизнес-процесстерди жана бардык күнүмдүк жашоону активдүү трансформациялап жатат. Мисалы, Алматы шаарында санарипке өтүү - тургундарга ар кандай маалымкаттарды алууну жеңилдеткен. Калкты тейлөө борборлору автоматташтырылган. Мегаполистин тургундары керектүү документтерди эми кезекке турбастан, онлайн ала алышат.

ДАНИЕЛЬ ДЖЕЙМС, АЛМАТЫ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Мага жашаган жерим тууралуу маалымкат керек. Мурда мен мындай маалымкатты үйдөн чыкпай туруп алса болоорун билчү эмесмин. Эми мага электрондук кол тамга беришти, мындан кийин керектүү документтерди онлайн ала алам. Бул өтө ынгайлуу.

Казакстандын ири шаары Алматыда жыл башынан бери 13 борбор кызмат көрсөтүү системасын өзгөрткөн. Менеджерлердин ордун өзүн-өзү тейлөө системасы алмаштырган. Кезекте тургандардын саны азайып, кызмат көрсөтүү нормасы ашты. Жылдын биринча кварталында 240 миң адам электрондуу кол тамга алып, 1 миллион 156 миң кызмат көрсөтүлгөн.

ЖАНЫЛ АПЕТОВА, КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУНУН МЕНЕДЖЕРИ:

- Мурда тейлөө кызматын электрондук кол тамга менен ала алса, эми бул нерсе бир жолу колдонуучу жашыруун сөз – смс аркылуу жеткиликтүү. Ошондуктан Калкты тейлөө борборлорунда адам саны да кыскарды.

Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери атайын окуу класстарында калкка электрондук өкмөт менен өз алдынча иштешүүнү үйрөтүшүүдө.  Ошондой эле санариптик технологиялар мамлекеттик башкаруучуларга түз видео кайрылуу жөнөтүп, кайра жооп алууга мүмкүнчүлүк берет.