Казакстандык судьялар Улуу Британияда такшалышты - Kazakh TV

Global Challenges Summit Астана экономикалык форумунда Евразия кеңешинин экономикалык келечеги талкууланат. Ошондой эле «Астана» эл аралык каржы борборунун аймактагы каржылык-инвестициялык хабга айлануусу боюнча да талкуулоо максат кылынууда.  Борбор бул багыттагы ишти колго алат. Азыркы тапта квалификациясы жогору адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Каржылык хабдын  иши англис укугуна негизделген. Ошондуктан казакстандык сот системасынын 20 өкүлү Лондондогу Сити университетинде такшалмадан өтүп жатышат.

МЕРУЕРТ КОНЫРБАЕВА, АЛМАТЫ ОБЛУСУНУН КАРАСАЙ РАЙОНДУК СОТУНУН СУДЬЯСЫ:

- Бизге такшалма абдан жакты. Абдан кызыктуу өтүп жатат жана көптөгөн жаңы нерселерди үйрөнүп жатабыз. Бул жактан алган билим, тажрыйбабызды Казакстанда колдонобуз деген ишеничтемин. Өлкөбүздүн сот ишин өстүрүүгө өз салымыбызды кошобуз.

«Судьялар жана сот кызматкерлери» категориясы «Болашак» эл аралык программасы боюнча такшалма өтө турган башкы адистиктердин тизмесинде. Бул багыт үчүн атайын комплекстүү жана эффективдүү окуу программасы даярдалган. Казакстандыктар англис тилинин курстарына катышат. Окуу программасы жеке менчик багытындагы мыйзамдуулук, жер маселери өндүү багыттарды камтыйт. Ошондой эле, атамекендик адистер жарандык укук, кылмыш-жаза мыйзамдары менен Англиянын сот системасы сыяктуу маселелерди изилдешет.

МИШЕЛЬ ЛЯ РУ, ОКУТУУЧУ:

- Алар англис тилиндеги көптөгөн жаңы сөздөрдү үйрөнө алды деп ойлойм. Биз          уга билүү жөндөмүн өнүктүрүүгө да терең маани беребиз. Студенттердин англис тилинде эркин сүйлөп, талкууларда катышууга үйрөтүп жатабыз.

Тил үйрөтүү курстары аяктаган соң казакстандыктар Улуу Британиянын Королдук сотунда жана Лондон сотторундагы сот иштери менен таанышышат. Инвестициялык талаш-тартышты иреттөө тажрыйбасына өзгөчө маани берилет.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии