Казакстандын борбору Астана экономикалык форумун кабыл алып жатат - Kazakh TV

Казакстандын борбору Астана экономикалык форумун - Global Challenges Summit-ин кабыл алып жатат. Серепчилер 3 күндүн алкагында ааламдык 11 чакырыктарга жооп издешип, тийиштүү сунуштарды иштеп чыгышат. Белгилей кетсек. АЭФке дүйнөлүк саясатчылар, белгилүү окумуштуулар, бизнес коомдун жана алдыңкы каржы институттардын өкүлдөрү чогулушту. Жалпы 111 өлкөдөн 5 миң катышуучу. Серепчилер акылдуу шаарлар, робот техникасы, таза энергия, ресурстар, узак жашоо жана келечек каржысы темаларынын алкагында кеп козгошот. Конгресстин тарыхында биринчи жолу 70тен ашуун ишкердик иш-чаралар, кызыктуу маданий программалар да иштелип чыкты. Саммиттин дагы бир жаңылыгы - казак жаштары чыдамсыздык менен күткөн дарс фестивалы. Аталган фестиваль Казакстандын алдыңкы ЖОЖдун студенттерине дүйнөлүк серепчилерден түз сабак алууга мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетсек, масштабдуу форумду 1000ге жакын журналист чагылдырат. Алардын 120сы башка мамлекеттин журналисттери. Дүйнөлүк, белгилүү серепчилер жана аналитиктердин экслюзивдүү маектерин биздин каналдын кийинки чыгарылыштарынан көрө аласыздар.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии