Казакстан менен АСЕАН ортосундагы кызматташтык

 Казакстан менен АСЕАН ортосундагы кызматташтык

Казакстан Түштүк-Чыгыш Азия элдеринин, Борбордук Азия рыногуна товар экспорттоодо ишенимдүү өнөктөш боло алат. Бул тууралуу Сингапурда 500дөй сингапурдук компания өкүлү жана Түштүк-Чыгыш Азия менен Европанын 6 элчиси катышкан бизнес-форумунда айтылды. Казакстан элчиси Үсен Сулеймен Кытайдын «Бир кур, бир жол» демилгесинин кургактагы бөлүгүн ишке ашырууда Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Үсен СУЛЕЙМЕН, СИНГАПУРДАГЫ КР АТАЙЫН ЖАНА  ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

- Каралып жаткан темалардын бири - Сингапур төрагалык кылган АСЕАН тобуна өлкөлөрдүн катышуусу жана Кытайдын “Бир кур, бир жол” демилгеси менен кызматташуусу. Аталган демилгеге Казакстан ишке ашырып жаткан “Нурлуу жол” долбоору да  катышып жатат. Өлкөнүн логистикалык жана  континент аралык хабга айландыруунун беш багыты белгиленди. Бул Белоруссия менен Орусия аркылуу жана Каспий деңизи менен Кытайдан Европага жүк ташуу, түндүк менен түштүк багыттары.

ХО ГЁК ЧУ, HUMAN CAPITAL SINGAPOURE БАШКАРМАЛЫКТЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- «Бир кур, бир жол» демилгесин ишке ашыруу алкагында Казакстандын потенциалы  менен мүмкүнчүлүктөрү бизди шыктандырды. Казакстандан Ляньюнгань портуна жүк 5 күндө, андан ары деңиз аркылуу Сингапурга чейин 12 күндө жеткизилет. Бул өз кезегинде АСЕАНга мүчө өлкөлөрдүн компаниялары үчүн Казакстан жана Борбордук Азия рынокторуна кирүүгө зор мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эскерте кетсек, Казакстан Сингапурдун Борбордук Азиядагы ири соода өнөктөшү. «Коргас» логистикалык хабы менен Лянь-юнгань жүк терминалынын пайда болушу сооданын жаңы багыттарын эффективдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясына мүчө мамлекеттердин экономикасы дүйнөдө алтынчы орунда турат. Анын ички өнүмүнүн жалпы көлөмү 2 триллион 400 миллиард долларды түзөт.