«Ресурстар ааламы» -  XI Астана экономикалык форумунда талкуулана турчу башкы темалардын бири. Эл аралык серепчилер дүйнөлүк деңгээлде адам санынын өсүшү, табигый байлыктардын түгөнүшү жана жетишсиздиги маселеси боюнча өз ойлору менен бөлүшүшөт. Казакстан 2015-жылы БУУнун башкы мүчөлөрү менен бирге туруктуу өнүктүрүү  концепциясын кабылдаган. Казакстан дал ушул багытта дүйнөлүк каржы институттары менен кызматташып келе жатат.

ДЖОВАННИ КАПАННЕЛЛИ, КАЗАКСТАНДАГЫ АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫНЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Биз сиздердин өкмөтүңүздөр менен - премьер-министр жана премьер-министрдин орун басарынын деңгээлинде атайын эксперттер комитетин түзүү боюнча баарлаштык. Бул комитет туруктуу өнүгүү процессин башкарат жана 2025 стратегиясы менен кошулуу ордун табат.  Ушундай ыргакта 7 жумушчу топ түзүлүп, туруктуу өнүгүү 17 максаты ич ара бөлүнөт.

Табигый ресурстарды үнөмдүү пайдалануу туруктуу өнүгүү максаттарынын негизги багыттарынын бири. Серепчилердин айтымында, келечек альтернативдик энергия булактарында. Казакстан алдыдагы эки жылда өлкө пайдаланып жаткан энергиянын 3 пайызын кайра жанма энергия булактарынан алууну көздөп жатат.  Жашыл технологиялардын өнүгүүсүнө Астанада өткөн ЭКСПО көргөзмөсү зор себеп болду дешет адистер. 

ЭЛДОС АБАКАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УЮМДАРЫ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстан ар убакта дүйнөлүк деңгээлдеги маанилүү жашыл демилгелерди колдоп келе жаткан мамлекеттердин бири. Бул туруктуу өнүгүү максаттары. Париждеги климаттык келишим. Республика аймагында 2012-жылдан бери энергия үнөмдөө жана эффективдүүлүгүн арттыруу мыйзамын кабылдаган. Казакстандын жашыл экономика саясатына өтүү концепциясы жасалган. Түзүлгөн ички системага ылайык, бул документтердин ар бири  табигый ресурстарды сактап, үнөмдөө менен эффективдүүлүгүн  көбөйтүүнү көздөп келет.

Быйылкы Саммитке серепчилердин рекорддук саны катышат деп мерчемделүүдө. Дүйнөнү өзгөртүүнү көздөгөн саясатчылар, бизнесмендер, окумуштуулар менен ойлоп табуучулар

келишет. Аталган форумга Пан Ги Мун да келээрин тастыктаган.  Сыйлуу спикер 9 жыл бою БУУнун Башкы катчылыгынын кызматын аркалап келген.  Анын жалпы дипломатиялык эмгек тажрыйбасы 40 жыл. Эскерте кетсек, Пан Ги Мун «ДҮЙНӨЛҮК КООПСУЗДУК ААЛАМЫ» сессиясына катышат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии