Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык байланышы

Казакстан менен Өзбекстандын экономикалык байланышы

Астанада Өзбекстан-Казакстан биринчи аймак аралык форуму жана Ташкентте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык экономикалык чогулушу өтөт. Аталган иш-чаралардын көздөгөнү коңшулаш өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык карым-катнаштарды күчөтүү. Казакстан менен Өзбекстан тараптары экономиканын айыл чарбачылыгы, мунай химиясы, фармацевтикалык өнөр жай жана машина куруу сыяктуу маанилүү багыттарындагы өнөктөштүктү жандандырышмак. Бул тууралуу Ташкентте өткөн эки жактуу кызматташтык жөнүндөгү биргелешкен өкмөт аралык комиссиянын ортосунда белгилүү болду. Ошондой эле казакстандык тараптын демилгеси боюнча «Борбордук Азия» чек аралаш элдердин кызматташтык борборун куруу маселеси көтөрүлдү. Анын негизинде Түштүк Казакстан облусундагы «Жибек-Жолу» көзөмөлдөө-өткөрүү бекетинде күнүнө 25 миң адамга чейин жеткизүү мерчемделген. Айта кетсек, 2018-жылдын 1-кварталында Казакстан менен Өзбекстан арасындагы товар жүгүртүү көрүнүктүү өстү. Алдыда бул көрсөткүч дагы эки эсе өсөт.  Мисалы, Өзбекстан Казакстандан жылына 5 миллион тонна мунай сатып алууну көздөп жатат. Казакстан болсо табигый  газ импорттоону өстүрөт.

АСҚАР МАМИН, КР ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Кездешүү учурунда соода-экономикалык карым-катташтын өзөктүү маселелери караштырылат. Анын ичинде энергетика, транспорттук логистика жан  башка  багыттар камтылат. Алдыдагы 3 айдын көрсөткүчү боюнча соода айлануунун өсүшү 50 пайызды түзөт. Биздин мерчемибиз боюнча быйыл соода айлануунун көрсөткүчү 3 миллиардга жетет.