Казакстан экспорттук багыт менен чет элдик рынокко чыгарыла турган товарлардын санын көбөйтүүдө. Техникалык иреттөө комитетинин улуттук аккредиттөө борборундагылар жыл сайын казакстандык өнүм түрлөрү 30 пайызга артат деп белгилешет. Бул мезгилде товарларды сертификатоо менен алардын эл аралык стандарттарга татыктуу болушу маанилүү. Өлкөнүн ILAC жана IAF сыяктуу дүйнөлүк аккредиттөө уюмдарына мүчө болуу башкы максаты да ушу. Ушунун аркасында соодадагы техникалык мүчүлүштүктөр азайтылып, атамекендик экспортчулардын атаандаштыкка туруктуулугу артат. Азыркы тапта казакстандык өндүрүш Кытай, Жапония, Иран, Испания, Польша жана КМШ өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

СЕРИК КУРМАНГАЛИЕВ, ТЕХНИКАЛЫК ИРЕТТӨӨ ЖАНА МЕТРОЛОГИЯ КОМИТЕТИ БОРБОРУНУН БАШКЫ ДИРЕКТОРУНУН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Биз эл аралык уюмдарга кирүү кезинде Европанын тажрыйбасына таяндык. Казакстанда азыркы тапта суроо талапка ээ өндүрүмдөр чыгарылат. Мисалы, «General Electric», локомотивдери. Тальго испаниялык вагондору, «Siemens», фирмасынын узун өлчөмдөгү рельстери  бар. Ошондой эле бүгүнкү күндө чет элдик талап кылуучулар бээ сүтү менен казакстандык күн батареяларына кызыгуу артып барат. Бул жалпы өлкө үчүн зор жетишкендик.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии