AEF 2018: Аалам шаарлары

AEF: Global challenges summit-2018 форумунда катышуучулар талкуулоочу 11 дүйнөлүк маселенин бири - Аалам шаарлары тууралуу болмокчу. Элдин массалык түрдө ири шаарларга жер которушунун пайдасы менен зыяны да бар. Мисалы, АКШ калкынын 80 пайызы азыр шаардык жерлерде турушат. Натыйжада курчаган чөйрөгө бөлүнүп чыккан зыяндуу газдын көлөмү артып, экологияга орду толбос зыян келтирип жатат. Буга кошо урбанизация процесси коомдук транспорт кыймылына, шаардын инфраструктурасына жана экономикалык жагдайга өз таасирин тийгизүүдө. 

АМИНА МОХАММЕД, БУУ БАШКЫ КАТЧЫЛЫГЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Азыр дүйнөдөгү 4 миллиардга жакын адам шаарларда туруп жатышат. 2050-жылга карай мегополис тургундары 6 миллиардга жетет деп болжолдонуп жатат.  Ошондуктан азыртан баштап бул процессти эффективдүү жүргүзүү  жолдорун табышыбыз керек жана ал туруктуу өнүгүү күчүнө  айланышы шарт. 

Айта кетсек, Казакстанда урбанизация деңгээли жигердүү түрдө өсүп келет. Шаар калкынын саны айылдык тургундарынан караганда эки эсе бат өсүп жатат. Рэнкинг.кз Казакстан экономикасына мониторинг жүргүзүү долбоорунун изилдөөсүүнө ылайык, быйылкы жылдын 2 айында шаарлардын саны 26 миң адамга өсүп, бүгүнкү күндө 10,5 млнго жетти.  Шаар тургундарынын өсүү саны 16 аймактын ичинен 12синде байкалат.

Өмүр сүрүүгө ылайыктуу шаар кандай болушу керек? Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ири мегаполистери келечекти түзүүгө багытталган концепцияларын активдүү иштеп  жатышат. Жаңылбастан ыңгайлуу жана коопсуз шаардык чөйрөнү түзүү боюнча белгилүү архитекторлор жана урбанисттер XI-Астана экономикалык форумунда талкуулашат.

Таанымал сингапурдук саясат таануучу, шаарлардын келечеги менен алардын стратегиялык өнүгүү тууралуу бир нече китептин автору – Параг Ханна да ушул маселе боюнча AEF: Global challenges summit-2018де өзүнүн көз карашы менен бөлүшөт. Ал Нью–Йорктогу эл аралык мамилелери кеңешчисинин кызматын аткарган, Вэ Брукинг Инститьюшндин дүйнөлүк башкаруу программасынын идеяларын ишке ашырып келет. Анын макалалары дүйнөнүн мыкты басылмаларынан түшкөн эмес.