Казакстан менен Латвия ортосунда туруктуу авиакаттам ачылды. Эми Алмата-Рига багытында элдер аптасына үч ирет каттай алышат. Жаңы каттам эки элдин ортосундагы ишкерлик катнаштар менен туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө болот.

КАЙРАТ КАМБАРОВ, ЛАТВИЯДАГЫ КАЗАКСТАНДЫН КОНСУЛУ:

Каттамдын ачылганы биз үчүн абдан кубанычтуу. Аталган каттам жумасын үч жолу кызмат  кылат. Бул Казакстан менен Латвиянын ушул тармакка кошкон иштеринин натыйжасы. Эми каттамдын ачылуусу менен эки элдин туристерин көбөйтөбүз деген тилектемин.

Алмата менен Рига ортосундагы элдерди ташууну Латвиянын улуттук авиа компаниясы ишке ашырды. Авиакаттамдар үчүн бул Борбор Азиялык жалгыз жана ары узак багыт болот. Жаңы каттам абдан суроо-талапка ээ болууда. Казакстанга багыт алган алгачкы учак менен 120дан ашык адам учуп  келди.

СВЕТЛАНА АБАШКИНА, АIRBALTIC КОМПАНИЯСЫНЫН ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШ  ТАРМАГЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

Биз ынтымактуулукту жогорулатуу максатында Казакстан багытындагы жүргүнчүлөрдү ташууну караштырып жатабыз. Азыр  биз бул каттамдын үмүтүн актап, таанымал болуу үчүн бар күчүбүздү салууга ниеттенүүдөбүз. Маселен, биринчи каттамдын өзүндө адам жык толду. Демек, мындан аркы ишибиз ийгиликтүү болооруна шек жок.

Жаңы багыт Алмата-Рига каттамы бир гана саякатчылардын эмес, топ-ишкер өкүлдөрү үчүнда абдан ыңгайлуу. Казакстан – мол тарыхы менен белгилүү болсо, Латвия көркөм табигаты менен Балтика деңизинин жанындагы эл. Эми жаңы авиакаттамдын аркасында эки элдин жарандары, бери дегенде беш саатта жетип, саякаттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии